Москва Косоводогу серб азчылыгына гуманитардык жардамын көбөйтүүнү пландап жатат

Бул тууралуу Орусиянын чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгу билдирди. Жакында сербдерге 10 миң тонна дары-дармек, медициналык жабдыктар жана буудай жеткирилимекчи. Орусия Косовонун бир тараптуу түрдө эгемендүүлүк жарыялашына каршы болуп келатат.