Курултайды ачып жатып, аталган партиянын төрагасы Азимбек Бекназаров буга чейинки жасалган иштер боюнча отчет берди. Бекназаров өлкөдөгү саясий абалга дагы баа берип, партиянын кемчиликтерине дагы токтолду. Төраганын айтымында, партия үч-төрт тепкичтүү конкреттүү программа кабыл алып, президентти “эркелетпей” кармап калууга кудурети жетпеди. Бекназаров “Асаба” партиясы бийликке өзүнүн сунушун бере албаганын, парламенттик шайлоого дагы жакшы даярдык болбой калганын, жер-жерлерде жакшы иш жүргүзө албаганына токтолуп, мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар болгонун кошумчалады. “Азыр улуттун келечеги күмөндүү болуп турган чакта, партия анын келечеги жана биримдиги үчүн катуу күрөшөт”, - деди А.Бекназаров. (SM, ZMa)