Ооганстандын Нимроз провинциясынын акими мечиттин алдында болгон жардыруудан 24 адам өлүп, 35 киши жаракат алганын маалымдады. Заранжи шаарында болгон бул кол салуудан өлгөндөр арасында 2 полиция офицери да бар. Чабуул үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.