Бүгүн кыргыз кино үйүндө кечки саат беште кинотаануучу Владимир Михайловдун “Кыргыз киносунун тарыхы” аттуу сүрөттүү китебинин бетачары өтөт. Аталган эмгек кыргыз кино тармагынын бүтүндөй тагдырын камтыйт.
“Кыргыз киносунун тарыхы” аттуу бул эмгек кинотаануучу Владимир Михайловдун 20 жылдык эмгеги. Китепте кыргыз жергеси кино өнөрү менен алгач таанышкан 1916-жылдан берки окуялар, алгачкы кыргыз киносу “Салтанаттан” тартып бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз кино тармагынын өнүгүү жолу түстүү сүрөттөр менен камтылган. Кыргызмамкиноконцерндин вице-президенти Абибилла Пазыловдун пикиринде Владимир Михайловдун “Кыргыз киносунун тарыхы” китеби баалуу эмгек:
-Владимир Михайлов кыргыз кино өнөрүнө терең аралашып калган инсан. Анын бул эмгеги илимий өңүттөгү мыкты эмгек. Кыргыз кино тарыхы кыйла тукулжурап турган маалда мындай эмгектин жаралышы – кыйла эле огожо болду.
Владимир Михайлов ВГИКтин кинотаануу адистигин бүтүрүп, көп жылдардан бери кыргыз кино тармагында эмгектенип келет.
Владимир Михайловдун бул жаңы китебинин башкы өзгөчөлүгү – башка изилдөөчүлөр тарабынан кыргыз киносунун тарыхы 1941-жылы кыргыз Хроника студиясынын ачылышы менен башталат деп эсептелинип келген болсо, Владимир Михайловдун эмгеги кыргыз кино тарыхынын башталышын 1916-жылдан баяндайт.
Кинотаануучу Владимир Михайлов кыргыз кино тарыхынын 1916-жылдан башталышын мындайча түшүндүрдү:
-Кыргыз жергесинин кино дүйнөсүн адеп таанып билиши 1916-жылдан башталат. Бул жылдарда Кыргызстандын аймагына башка мамлекеттердин киночулары келип баштап, алар Кыргызстанды, кыргыз элинин жашоо турмушунан үзүндүлөрдү тартып башташат. Чынында кыргыз киносу башка коңшулаш мамлекеттердин кино өнөрүнө караганда чоң секирик менен өнүктү. Мына ушундай изилдөөлөрдөн улам менин аталган эмгегим жаралды.
Владимир Михайловдун “Кыргыз киносунун тарыхы” эмгеги көп жылдар жарыкка чыкпай келди. Акыры бул баалуу эмгектин быйыл китеп болуп басылып чыгышына кыргыз кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Бапанов демөөрчүлүк этти:
-Мен кинематографисттер союзунун жетекчиси катары да бул эмгектин жарыкка чыгышына жардам этүүгө милдеттүү элем. Мен Владимир Михайловдун ушундай баалуу эмгектин үстүндө 20 жыл эмгектенип, керектүү уюмга алып келип берип отурганына бактылуумун. Анткени бул – улутка тиешелүү эмгек.
Сүрөт yiv1999.narod.ru интернет баракчасынан алынды.