Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча президентке жана өкмөткө кайрылуу жолдонду. Анда жыйындын катышуучулары энергокомпаниялардын ишмердүүлүгүн көз карандысыз аудиторлор жүргүзүшсүн, энергетика тармагында кризистин себептери иликтенсин, бул боюнча коомчулукка кеңири маалымат берилсин жана антикризистик программа иштелип чыксын деген талаптарын коюшту.(MSu)