ИТАЛИЯ: ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН МИГРАНТТАРГА КАРАТА САЯСАТЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага Италияда миңдеген кыргыз атуулдары жашаары белгилүү. Алардын дээрлик бардыгы мыйзамсыз мигранттар. Алардын айрымдары үстүбүздөгү жылы солго көбүрөөк ыктаган Романи Продинин өкмөтүнүн тушунда ал өкмөт тарабынан жарыяланган легалдаштыруу программасына илинип, Европа биримдигине кирген бул өлкөдө эркин жашап, иштөөгө мүмкүнчүлүк алышкан эле. Алардын арасында Испаниядагыдай мыйзамсыз жашагандарга жапырт мунапыс жарыяланат экен деген имиш-имиш сөздөр болуп келаткан. Бирок апта соңундагы шайлоодо консерватор Сильвия Берлусконинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/B77F8FA2-950B-4DC3-9C88-604C92464661.ASP бийликке кайтып келиши алардын турмушун кыйындатат шекилдүү. Кабарчыбыз Айнура Жекше кызынын ушул жана башка темадагы суроолоруна ордолуу Рим калаасында 15 жылдан бери жашаган кыргыз атуулу Гүлсана Сарногоева жооп берди.
-Оңчулдардын коалициясынын курамында Түндүк лига деген ашынган оңчулдардын Боссинин партиясы бар. Алардын мигранттарга каршы туруму белгилүү. Ушул жагынан алганда, жаңы өкмөттүн келиши кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этиши мүмкүн?

-Чындыгын айтканда жаңы өкмөттүн келиши жана сиз эми эле айтып кеттиңиз, мында башчылык кылган Босси деген киши, алардын айтышы боюнча эгерде кайсы гана өлкөдөн келбесин, документтери болсо, аларга тийбейт. Алардын жумушу болсо, Италияда жашап аткан италиялыктар менен катары эле иштей берсе болот. Эң эле жаман болуп кетиши - жанагы документтери жок жүргөндөр бар. Ошолорду кармап, аларды Италиядан чыгарып жибериши мүмкүн. Ошол жакка көбү умтулуп жатышат.



Италия, Доломит. 2007-жыл, сентябрь

-Кайсы өкмөттүн ошондой мунапыс жүргүзүү боюнча ушундай пландары бар эле? Италиянын аймагындагы мыйзамсыз жол менен келдиби, мыйзамдуу жол менен келдиби, баарына уруксат берүү программасы кайсы өкмөттө бар эле?

-Туура айтасыз. Ал Романи Продинин өкмөтүндө болчу. Мисалы, документтери жок иштеп жүргөндөрдү документ менен камсыз кылганга аракет кылып, бир топ кыргыздар документ ала алышты. Романи Продинин өкмөтү ошол жагынан жакшылыгын көрсөтүп кетти.



Италиянын түштүгүндөгү тоо менен деңиздин ортосунда жайгашкан Амалфи аралы. 2006-жыл, сентябрь



Италиядагы Амалфи аралы

-Эми бул жаңы өкмөт эски өкмөттү өлкөнү экономикалык кризиске такады деп күнөөлөп келатат. Шайлоо өнөктүгүндө бул айтылчу нерселер. Романи Продинин тушунда катардагы италиялыктардын материалдык турмушу канчалык өзгөрдү?

-Чындыгын айтканда, көп эле Италиянын элдери Романи Продинин өкмөтүнө абдан нааразылык көрсөттү. Анткен себеби кымбатчылык өсүп кеткен. Эми кымбатчылык өсүп кеткенин бир жагынан бир гана Романи Продинин өкмөтүнө таяп койгон болбойт деп ойлойм. Анткени экономисттердин айтышы боюнча, кымбаттыктын өсүшү негизинен мунайдын, бензиндин кымбатташынан пайда болуп кетти.

-Маегиңизге ырахмат.