Бул жолку көрсөтүүгө Адилет министри Марат Кайыпов жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, оппозиция лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев келишип, 12-апрелде Бишкекте өткөн Элдик курултай, митинг, пикиттерди өткөрүүнүн тартиби жана кыргыз-казак мамилеси тууралуу маселелерди талкуулашкан эле. Азырынча УТРК жетекчилиги көрсөтүүнүн бир жактуу эфирден алынып салынышы боюнча ырасмий түшүндүрмө бере элек.