КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИНИН КАЗАКСТАНДАГЫ РАСМИЙ САПАРЫ БАШТАЛУУДА

Бүгүн кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Казакстандагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/E770A51A-2B81-4660-B8E6-6C242DE91583.asp эки күндүк расмий сапары башталат. Сапардын алкагында былтыр түзүлгөн мамлекеттер аралык жогорку кеңештин экинчи отуруму өтөт. Эки өлкө президенттери ошондой эле эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бир катар келишимдерге кол коюшаары күтүлүүдө. Бирок кандай келишимдерге кол коюлаары азырынча ачыктала элек.
Астанадагы бул жолугушууда казак-кыргыз президенттери эки тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү кабарланууда.

Мамлекеттер аралык жогорку кеңештин экинчи отурумунда кандай маселелер каралаары тууралуу кыргыз президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы эсеналиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы интеграция процесстерин тереңдетүү, айрыкча соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматаштыктыкты андан ары кеңейтүү маселелери талкуулоо күтүлүүдө. Ошондой эле эки өлкө президенттери эл аралык саясаттагы окуялар боюнча да пикир алмашышат. Отурумдун жыйынтыгында өкмөттөр аралык эки тараптуу бир катар документтерге да кол коюлушу күтүлүүдө.

Бирок президенттин маалымат кызматы кандай келишимдерге кол коюлаарын азырынча ачыктаган жок.

Кыргыз-казак элдери тектеш, тили-дили бир эл экени эзелтен эле айтылып келет. А түгүл Советтер Союзунун тушунда эки республика бир тууган катары бири-бирине боор толгоп келгени белгилүү. Айрым серепчилердин баамында, бирок эгемендиктин соңку жылдарында Казакстан экономикалык жактан күчтөнүшү менен бул мамиле ар кандай деңгээлге бөлүнүп, саясий чөйрө өзүнчө, ишкер чөйрө өзүнчө, жөнөкөй эл болсо өзүнчө мамиле күтүп калышты. А түгүл Казакстанга иш издеп барган кыргыз жарандарына бай менен кедейдин ортосундагыдай мамиле жасалаары ачык эле байкалууда. Талдоочулар мындай мамиле мамлекеттик денгээлде да байкалган учурлар жок эмес экенин белгилешет.

Көз карандысыз экономист Айылчы Сарыбаевдин пикиринде бул эки кошуна өлкө кандай болгон күндө бири-бири менен мамиле түзүүгө аргасыз:

- Казакстан чоңсунган мамилесин өзгөртүп, бир тууганча сылык-сыпаа мамилеге өтүшү зарыл. Алардын байлыгы, экономикалык артыкчылыгы убактылуу нерсе. Баары бир биз менен мамиле кылууга аргасыз болушат.

Айылчы Сарыбаев ошондой эле эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө ортодогу бажы чегара тосмолору жасалма тоскоолдук жасап жатканын айтып, эки ортодо ачык эркин соода, бирдей бажы, салык системалары болушу керек деген ойдо.

Казак өкмөтү эки күн мурда буудайды экспорттоого сентябрга чейин тыюу салганын жарыялады. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев болсо бул сапарда ошол дан азыктарына жана күйүүчү майга байланышкан маселе кыргыз тараптын пайдасы үчүн чечилсе чоң иш жасалат эле деп эсептейт:

- Эми көнүмүш болуп калгандай Казакстандан да инвестиция сурайбыз, Камбаратаны курганга жардамдашкыла дейбиз. Дүйнөлүк кризистен улам Казакстан буудайды, күйүүчү майларды сыртка чыгарууга чектөө киргизип атат. Ушул маселе боюнча сүйлөшүү болуп, биздин пайдабызга чечилсе чоң иш болмок.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев былтыр апрелде Бишкектеги сапары учурунда Казакстан Кыргызстанга миллиард доллар инвестиция берүүгө даяр экендигин жар салып, бирок Ысыккөлдөгү төрт пансионат менен чегара боюнча талаштардын чечилбей келаткандыгына кабатырлануу менен бул эки ортодо ишенимди жаратпасын кыйыткан болчу. Ошентип бир канча жылдан бери чечилбей келаткан бул талаш маселе боюнча келишимдерди кыргыз парламенти президенттин Казакстанга расмий сапарынын алдында, өткөн жумада дембе-дем жактырып берди.

Бирок ал коомчулукта кандай нааразылыктарды пайда кылып жатканы белгилүү. Айрым талдоочулар муну кыргыз тараптын өз кызыкчылыгын коргой албаган алсыздыгы катары баалашууда:

- Ар бир эле мамлекет чегарасын чоңойтууга, көбүрөөк жер ээлөөгө аракет кылат. Бул маселеде казак тарапты күнөөлөш мүмкүн эмес. Жерлерди, ошол пансионаттарды берип коюп атканыбыз - биздин алсыздыгыбыз”, - дейт серепчи Айылчы Сарыбаев.

Ошол эле учурда бийлик тарап мындан кыргыз тарап уттурбаганын байма-бай айтууда. “Акыйкат үчүн” кыймылы уюштурган өткөн ишембидеги курултайда да Каркыра жайлоосундагы жердин жана көлдөгү төрт пансионаттын Казакстанга берилишине катуу нааразылыктар айтылып, президентке бул келишимдерге кол койбоо талабы коюлган. Оппозиция өкүлдөрү а түгүл президент ага кол койгон күндөн тарта талаптын мөөнөтү аяктап, өлкө боюнча нааразылык чаралары башталаарын эскерткен. Бул келишимдерге президент кол койгон-койбогону тууралуу болсо азырынча расмий маалымат айтыла элек.