Орусиянын президенти Владимир Путин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/30D35081-29F6-47A7-8D79-2534209F224E.asp бүгүн Ливияга 2 күндүк сапар менен барат. Москвалык маалымат каражаттары кабарлагандай, Путин Триполиде Ливиянын президенти Муаммар Каддафи менен жолугушуп, курал-жарак соодасы, энергетикалык кызматташтык жана Триполинин Советтер доорунан бери келаткан Москвага болгон карызын кайтаруу жолдорун талкуулайт. Москвага кайтып келатып, Путин Италиядагы шайлоодо жеңген Сильвио Берлускони менен учураша келээри белгиленген.
Ошентип, 8 жылдык президенттик мөөнөтү аяктаарына 3 жума калганда Владимир Путин Ливияга барууга камданып калды. Эксперттердин айтымында, Путин Триполиде курал-жарак жана энергетика тармагындагы маанилүү келишимдерди бекитип келүүнү көздөөдө. Европа мамлекеттери Орусияга болгон энергетикалык көз карандылыктан кутулуунун бир жолу катары Түндүк Африкага үмүт артат. Москва ал чөлкөмдөгү энергия булактарына бай Ливия менен Алжирди өзүнө тартып, Борбор Азиядагы саясатын кайталап, Батыштын пландарына бут тосууга умтулат, - дейт энергетика маселелери боюнча Римдик эксперт Федерико Бордонаро.
-Путин Ливия менен Алжирде буга чейин Түркмөнстан, Казакстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндө жүргүзгөн саясатын кайталагысы келет. Ошондой жол аркылуу Москва бул өлкөлөр менен келишимдерди өзү түзүп, Батыш Европанын аларды Орусиялык мунай, газга атаандаш катары пайдаланышына бөгөт коет.
Орусиялык мамлекетке караштуу монополист Газпром компаниясы былтыр Ливиянын түштүк-батыш тарабындагы газ кендерин иштетүү укугун утуп алган. Путиндин визити өткөн жумада Ливияга барган Украин президенти Виктор Ющенконун сапарына удаа туш келди. Ющенко 14-апрель күнү Украиналык Нафтогаз ишканасы Ливиянын мунай кендерин иштетүү тууралуу макулдашууга кол койгонун жар салган.
Москвалык маалымат каражаттары жазгандай, Путин менен Ливиянын президенти Муаммар Каддафи энергетика маселелерин курал-жарак соодасы менен алгоолоштура талкуулашат. Интерфакс агенттиги маалымдагандай, орус президенти Ливияга жалпы суммасы 2 жарым млрд долларлык абадан коргонуу системаларын, согуштук учак-тиучактар, суу алдында сүзүүчү кемелер жана башка аскердик техника сунуштамакчы. Эксперттер курал-жарак соодалап, ошондой эле Советтер доорунан келаткан карызын төлөө маселесине басым жасап, Москва Алжирде энергетикалык келишимдерге жетишкендей, Ливияда да ошондой стратегиясын колдонушу мүмкүн. Сөз кайрадан Римдик эксперт Бордонародо:
-Орусия ар дайым курал-жарак келишимдерин энергетика маселелери менен байланыштырып келатат. 2006-жылы Алжирде болгон окуяларды эске алсак, Москва анда Алжирдин советтик мезгилдеги карызынын көбүн жокко чыгарып, ал үчүн Алжир Орусиядан далай курал-жабдык сатып алган. Ошондой эле Москва Алжирдин энергетика тармагында артыкчылыктуу ролго ээ болгон.
Ливиядан кайтып келатып, Путин Сардинияда токтоп, 3-жолу Италиянын премьер-министри болуп шайланган Сильвио Берлускони менен учураша келээри күтүлүүдө. Ошондо, Москвалык гезиттер жазгандай, Путиндин акыркы президенттик сапары Ливияда эмес, Сардинияда аяктаган болот.