АКШ дүйнөлүк азык-түлүк кризисин алдын-алууга 200 млн доллар бөлдү

АКШ президенти Жорж Буш эл аралык тамак-аш кризисин алдын-алыш үчүн 200 млн доллар чукул жардам бөлүүгө көрсөтмө берди. Бул каражат өнүгүп келаткан өлкөлөргө азык-түлүк жактан колдоого алган америкалык программалар аркылуу берилмекчи. Кечээ Дүйнөлүк Банк соңку 3 жыл ичиндеги баалардын көтөрүлүшү жүз миллондой адамды ачарчылыкка түртүшү ыктымалдыгын эскерткен болчу.