Ирандын Шираз шаарындагы мечиттеги жарылуудан 12 киши каза тапты

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн маалымдоосуна караганда, жарылуудан 12 киши каза таап, 202 киши жарадар болду. Шираздын бийликтери жарылуу Иран-Ирак согушуна байланыштуу көргөзмөгө коюлган бомбалардын жарылып кетишинен чыкканын айтышууда. Ирандын ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлоодо.