Бээжин Олимпиадасынын оту Танзанияга жетти

Бүгүн Олимпиаданын шамы Африкага жетип, Танзаниянын башкалаасы Дар-эс-Саламдын көчөлөрүнөн өттү. Кабарларга ылайык, Олимпиаданын отунун жүрүшүндө эч кандай нааразычылык акциялары байкалган жок. Буга чейин Европа жана АКШнын Олимпиаданын шамы жүрүш жасаган шаарларында тибеттиктерди колдоочулар нааразычылык митингдерин уюштурушкан.