CАЛИЖАН ШАРИПОВ: “15-20 ЖЫЛДА АЙГА, АЙДАН МАРСКА УЧУП КАЛАБЫЗ”

12-апрель космонавттар күнү. Ушул датага байланыштуу Кыргыз эл баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен телефон аркылуу байланышып, маектештик.
-Cалижан мырза, бүгүн 12-апрель Космонавттардын күнү! Сизди майрамыңыз менен куттуктайбыз.

- Ырахмат

- Чет жакта жүргөнүңүзгө канча жыл болду?

- Мен бул жакка келгениме 17 жыл болду. Он жылдай космоско учууга даярданып жүрдүм.

-Салижан мырза, туулуп -өскөн жериңиз, ошондой эле үй-бүлөңүз тууралуу угармандарга кыскача айтып берсеңиз?

-Мен туулган жерим Кыргызстан, Өзгөн шаары. Кайсы жерде болсом да, космоско чыгамбы, Америкада, Япония, Германия, бүтүн дүйнөнү кыдырбайын менин жүрөгүм ар дайым Кыргызстан деп турат.

-Бул күндөрү эмне менен алектенип жатасыз, дагы космоско качан учасыз?

- Октябрь айында дагы бир жолу космоско учушка аракет кылып атам. Бул жолку учушта, кудай буюрса космостук станцияга кыргыздын улуттук калпагын алып чыгыш ниетим бар.

- Коомдун, илимдин, бүт эле адамзаттын өнүгүшүнө сиз космонавт катары кандай карайт элеңиз?

- Ар бир адам үйүндө жүрүп, иш жүргүзүп жатат. Мисалы айталы, уюлдук телефон. Телефонсуз азыр эч ким жүрө албайт. Бизге чоң жардамчы. Бул бир гана мисал. Башка мисалдарды айтсам, биз материковедение, жер өзгөрүш, жаңы илимдерди үйрөнүү, бардык кылган иштер бул адамзат үчүн деп ойлом. Ошон үчүн эң алдыңкы технология, эң алдыңкы илим бизде. Биз жердеги адамдарга жардам кылыш ниетте космоско учуп атабыз.

- Эми мына табигый чукул өзгөрүүлөр болуп жатпайбы, айрыкча суук өтө катуу болду, эми жазында дагы кандайдыр бир өзгөчө кубулуштар болушу күтүлөт деп жатат. Мына ушунданбы жерде жашоо болбой калышы мүмкүн. Акыры башка планетада жашоо болот дейт. Ушуга сиз космонавт катары кандай дейт элеңиз?

- Биринчиден, бул табигый нерсе. Экинчиден, жерде эч качан жашоо түгөнбөйт деп ойлойм. Кудай буюрса келечек муундары өсүп, жерде жашоо улана берет. Азыр кыйын заман. Башка мамлекеттер өздөрүнөн башканы ойлобостон, биздин жерди бузуп акыр-чикирге толтуруп атат. Ошон үчүн ар кыл катаклизмдер, кыйынчылыктар болуп атат. Америкадагы, Европадагы өнүккөн мамлекеттерди алсак сыяктуу мамлекеттерди алсак, буларда экология боюнча катаң мыйзамдар бар. Бизде тилекке каршы андай эмес, жакшынакай закондорду чыгарып, адамдар өзүлөрү ойлонсо, бизде эч кандай катаклизмдер болбойт эле деп ойлойм. Илим үчүн дагы айталы, 15-20 жылдан кийин Айга учуп, айдан Марска учуп, Марстан жаңы ачылыштарга өтүүнү үйрөнүп жатабыз. Мезгил келсе ошол жакка учушка ниеттер бар.

-Сиз кыргызстандыксыз, өлкөдө кандайдыр экономикалык оор кыйынчылыктар эмнегедир жеңилдей албай жатат. Ошондой эле жумушсуздук күч алып, бир топ жарандарыбыз Ата-журтун таштап сыртка жумуш издеп кетип атышат. Эмнегедир Кыргызстандын келечеги бүдөмүктөнүп көрүнбөйт деген пикирлерди угууга болот. Балким жердештериңиз менен жолугуп да жаткандырсыз?

- Бизде Кыргызстанда кыйынчылыктар бар. Завод, фабрикалар каалагандай иштеген жок. Ошон үчүн биздин туугандар, жердештерибиз четке чыгып иштеп атат. Булар көп кыйынчылык көрүп атат азыр. Телевизордон, же өзүм учурашканда колуман келишинче жардам кылып атабыз жердештерге. Бул акыбалга жүрөгүм ачышат. Бизде фирмалар ачылып, иш орундар пайда болуп, биздин көп жердештер бул жерге кайтып келип, өзүбүздүн Кыргызстанды кыйынчылыктан чыгарууга салым кошот деп ойлойм.

- Эми сиздин каалоо-тилегиңиз кандай Кыргызстандыктарга, жалпы эле эл-журтка?

- Биринчиден өзүмө кандай тилегим болсо, ошондой тилектерди Кыргызстандын элине каалайм. Биринчиден, ар бир адамда ден-соолук болсун, ниет болуш керек, мээнет кылып, үй-бүлөсүн багып, балдарын окутуп, Кыргызстанды көтөрүп, өнүккөн мамлекет болушун каалайм.

-Салижан мырза, сизге чоң ырахмат. Сизге ийгилик каалайбыз.

-Ырахмат



Жаркын Темирбаева, Бишкек