Эл өкүлдөрү шаар, көчө жана башка коомдук жайлардагы жазууларды кыргыз тилине которуп жазып чыгууну талап кылышууда. Депутат Жангороз Каниметов Бишкек менен Чүйдүн көчөлөрүнө кыргыз тилиндеги көрнөктөрдү коюуга мезгил жетти, деп белгилеп, өкмөттү аш-тойлорго короткондон көрө, мына ушуларды ишке ашырууга чакырды. (ZKo)