Бүгүн Жогорку Кеңеште “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланды. Анда парламентке өткөн саясий партияларды мамлекеттик камкордукка алуу, саясий партияны түзүүнүн шарттары, максаттары аны түзүүнү чектөө жана башка жоболорду киригзүү сунушталган. Депутаттардын демилгечи тобунун айтымында, бул мыйзам долбоору өлкөдөгү саясий партиялардын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Ал эми айрым саясий партиялар болсо бул мыйзам долбоору бийликчил партиянын гана кызыкчылыгын көздөөрүн айтышууда.
«Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан депутаттык топтун мүчөсү Динара Молдошева азыркы парламент партиялык тизме менен шайланып, учурда пропорционалдык система иштей баштагандан кийин саясий партияларды өнүктүрүү зарылчылыгы келип чыкканын билдирди.
- Бүгүн партиялык системаны өнүктүрүү максаты турат. Ошондуктан “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизип, жаңы долбоорду сиздерге сунуштап, талкуулап чыгалык дедик. Бул маселе баары бир беш-он жылдан кийин көтөрүлө турган нерсе.
Жаңы долбоордо парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партияларга республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүү, партияны түзүү жана анын максаты, ишмердүүлүгү, партияны түзүүнүн шарттары, мүчөлүккө кирүү боюнча жоболорго кошумчалар киргизилген.
Саясий партиялар парламентинин төрайымы Роза Акназарова бул маселе боюнча бир катар партиялардын өкүлдөрү менен талкуу жүргүзүп, көпчүлүк партиялар мурдагы «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамды ордунда калтырууну эп көрүп жатканын айтты.
- 21-беренеде көрсөтүлгөндөй саясий партияларды республикалык бюджеттен каржылоонун зарылчылыгы жок. Андан көрө биз азык-түлүк, энергетикалык коопсуздукка каражат бөлүүнү карашыбыз керек.
Акназарова ошондой эле депутаттык топ сунуштап жаткан долбоордо көрсөтүлгөн көпчүлүк беренелерге саясий партиялардын парламенти макул эместигин кошумчалады.
Ал эми «Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев парламентте талкууланып жаткан «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам долбоору бийликчил партиялардын гана кызыкчылыгын көздөп, калган саясий партиялардын өнүгүүсүнө, ишмердүүлүгүнө кадыресе тоскоолдук кылат деп эсептейт.
-Саясий партиялардын абалы начар болот. Азыркы бийлик эмнени кааласа бурмалап туруп, өздөрүнүн каалаганын жасап жатышат. Коомчулукту деле укпайт, мыйзамды деле карабайт. Буларга өздөрүнүн пайдасына эмне керек болсо, ошону өткөргөнгө аракет кылышат. Буларга «Ак жол» болобу, «Кара жол» болобу иши кылып бийликке иштеген партиялар керек болуп турат. Алар эмне десе деле ошолордун баарына кол көтөрүп эле «макул», «ооба» деген эле кишилер керек.
Ал эми “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылы билдирүү таратып, анда депутаттык топ сунуштап жаткан “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам долбоору Бакиевдин бийлигин чыңдоо үчүн “Ак жол” партиясына саясий айдыңда жеке ээлик кылууга атайын шарт түзүү үчүн даярдалганы айтылат. Ошондой эле аталган кыймыл менен Коомдук парламент жогорудагы мыйзам долбоору Кыргызстандын элин сөз эркиндиги, эркин чогулуу жана эркин шайлоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырата тургандыгын баса белгилеген.
Долбоорду сунуштап жаткан “Ак жол” партиясынан депутат Динара Молдошева болсо “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам долбоору Мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетте иштелип чыкканын, талкууда айтылган сын-пикирлер, сунуштар эске алынарын билдирди. Анын көз карашында жаңы долбоор өлкөдө саясий партиялардын өнүгүшүнө, кадыр баркынын көтөрүлүшүнө шарт түзөт.