14:44 Жогорку Кеңештин комитети “Стратегиялык объекттер жөнүндөгү” мыйзамды толуктап иштеп келүүгө кайтарды

Өкмөт тарабынан сунушталган долбоор Өнөр жайды өнүктүрүү, соода туризм, коммуникация жана курулуш комитетинде бүгүн каралып, 15-апрелге чейин мыйзамды толуктап иштеп келүүгө кайтарылды. Депутаттар мыйзамдын төртүнчү беренеси боюнча кызуу талкуу уюштурушту. 4-беренеде стратегиялык объекттер өкмөттүн макулдугу менен менчиктештирилет деп жазылган. Стратегиялык объектилерге өкмөт Куралдуу күчтөрдүн техника жабдуулары, мамлекеттик органдардын имараттары, жолдор, гидро жана жылуулук станциялары, жалпысынан 16 түрдөн турган тизмени сунуштаган.(AiT)