НУРБЕК ЭГЕН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮДӨ

Бүгүн Баткенден белгилүү кинорежиссер Нурбек Эгендин “Ыйык Атажурт” фонду, “Санжыра” кинокомпаниясы жана “Шоокум” журналы менен бирдикте республиканын жаштары менен жолугушуусу башталды.
”Ыйык Ата журт” коомдук жаштар фонду “Санжыра” кинокомпаниясы менен жана “Шоокум” илимий-маданий журналы менен бирдикте Кыргызстандын аймактарында белгилүү режиссер Нурбек Эген менен чыгармачылык жолугушууларды өткөрүп баштады. Жолугушууларды өткөрүүнүн максаты - элдин руханий байлыктарына, маданий кайра жаралуусуна,үрп-адаттарына, салттарына жана эне тилине жаштардын сезимин ойготуп, көңүлүн буруу. Жолугушуулар бүгүнтөн баштап Баткенде, Ноокатта, Жалалабатта, Ошто, Караколдо, Нарында, Таласта жана Бишкекте өтүп баштайт. Бүгүн Баткенде жүргөн Нурбек Эген “Азаттыкка буларды кабарлады:

-Бул чыгармачылык сапардын максаты – биринчиден аймактардагы жаштар менен жолугушуу болсо, экинчиден элдин жандүйнөсү, жашоо турмушу менен асиреттешүү. Үчүнчүдөн болсо, “Манастын төрөлүшүн утурлап” кинотасмасына каармандарды тандоо.

Режиссер Нурбек Эген “Манастын төрөлүшүн утурлап” кинотасмасын ушул жылдын июнь айынан тартып баштамакчы. Режиссердун айтымында фильмдин каражат маселеси толук чечилген.