Кыргызстанда Демократиялык ордо союзу --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/9563F9DC-CC5E-4511-98DD-4C12AC9B0C38.asp (ДОС) деген оппозициялык жаңы кыймыл түзүлдү. Анын жетекчилигинин ишениминде, Кыргызстан кризистен чыгышы үчүн бийликке “таза саясатчылар” келиши керек. Бул үчүн эң оболу элди ойготуу зарыл, дешет “досчулар”.
"Деморатиялык ордо союзунун" алгачкы маалымат жыйынында “саясатка таза адамдар келиши керек” деген өңдүү сөздөр көп айтылгандай болду. Союздун жетекчилигинде турган Алик Орозов да дал ушул принцип бузулганы үчүн бийликтен түңүлүп, Коопсуздук Кеңешинин баш-катчысынын орун басарлыгынан кеткенин билдирди.
Алик Орозовдун айтымында, демократиянын негизги принциптери, тандоо эркиндиги менен мыйзамдардын улуктугу, бүгүн күлкү келээрлик жорукка айланып калды. “Бир гана эркиндик калды, - деп эсептейт ал. Бул – сөз эркиндиги. Азыр аны да жок кылуу аракети көрүлүп жатат”.
- Биздин кыймылдын башкы максаты – азыр айтылган негизги демократиялык принциптердин жеңиши үчүн күрөшүү. Ал принциптердин баалуулугу ар бир жарандын аң-сезимине жетиши керек. Ошондо гана коомдук пикирди өзгөрткөнгө болот. Ансыз эч кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн эмес. Эл муну түшүнгөндөн кийин, ал эч кимге өз укуктарын, эркиндигин тартып алышына жол бербейт.
Орозовдун ишениминде, азырынча Кыргызстанда элге ал баалуулуктарды түшүндүрүп, аны менен иштеген эч ким жок. Ар бир эл кандай жетекчиге татыктуу болсо, ошого жетет дегендей, азыркы бийлик үчүн президентти, депутаттарды эмес, өзүбүздү күнөөлөшүбүз керек, деп айтты ал.
- Аянтка 5-10 миң адамды чыгарып алып, “Бакиев кетсин!” деп кыйкырган, элдин аң-сезимин өзгөртүүнүн үстүндө иштегенден көрө, алда канча оңой деп айтаар элем. Саясий партиялардын дээрлик баарынын лидерлери эл менен иштешүүдөгү оор жолду тандабай, иши кылып, тезирээк бийликтеги адамды жыгып, өзү анын оордун ээлеп, бийликке кирип алуунун жеңил жолун ойлонот.
Бул – жаңылыш жол, деп эсептейт А.Орозов. Коомдогу бүт патриоттук күчтөрдү жалпы улуттук идеянын айланасында чогултуу керек деген Орозалиев, ДОСто бул идея бар экенин, бирок азырынча аны жарышып турушаарын айтты. Эмне үчүн?
- Биз азырынча ал идеяны айтпай турабыз, анткени алар канчалык мыкты болбосун, эгерде аларды буга чейин коррупцияга малынып, кызматынан айрылгандар, “мурда былык иштери менен таанылып”, эми кайра кыймыл түзө калып эле бийликке келүүнү самап жаткандар айтып чыгышса, эл баары бир ошол идеяларга кызыкпай калат. Анткени ал адамдар өздөрү ошол идеяларга кызыгышпайт. Аларды такыр башка нерселер кызыктырат. Ошондуктан азыр биз өзүбүздүн айтаар сөзүбүздү айтып чыксак, ал жөн гана курулай сөз болуп кала берет. Биз качан гана уюм түзүп, катарыбызга “чынчыл адамдарды” топтогондон кийин гана, эл бизди көрүп, кандай адамдар иштеп жатканын билип, бизге ишениши мүмкүн. Ошондо, балким, биз идеябызды айтаарбыз, ошондо ал иштеп кетээр, - дейт Орозов.
Жаңы түзүлгөн кыймылды азыр “Кыргызстан патриоттору”, жашылдар, “Улуу Биримдик” жана башка бир топ саясий топтор колдой турганы айтылды.