15:45 “Ар намыс” партиясынын мүчөсү Азат Жаңыбаев БШКнын имаратынан күч менен чыгарылды

БШКнын төрайымы Клара Кабиловага 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын массалык маалымат каражаттарына жарыялоо өтүнүчү жазылган экинчи катты “Ар намыс” партиясынын мүчөсү Азат Жаңыбаев бүгүн БШКга алып барганда аны күзөттө турган милиция кызматкерлери колун толгоп, күч менен сыртка чыгарып салышкан, деп билдирди “Азаттыкка” аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова . Анын айтымында, Жаңыбаев катты 3 кабаттка алып барганда ал жерден 4-кабаттагы 403 кабинетте катты каттоого алат деп айтышкан. 403-кабинетте отурган БШКнын кызматкерлери болсо катты каттоого албай Жаңыбаевди кайрадан 3-кабатка жөнөтүшкөн. Ал үчүнчү кабатка келатканда кире бериште күзөттө турган милиция кызматкерлери эч бир себепсиз эле анын колун толгоп, эшикке чыгарып салышкан. “Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине жана шайлоонун жыйынтыгын массалык маалымат каражаттарына жарыялоону өтүнүп БШКнын төрайымы Клара Кабиловага дагы кат жолдодук. Эгерде Кабилова өтүнүчүбүздү жоопсуз калтырса, мыйзам чегинде башкача кадамдарга барабыз”,-дейт Мамырова. БШКнын басма сөз кызматынан бул боюнча комментарий бере алышпастыгын айтышты. (AJ)