ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВ КАЗАКСТАНГА КУР КОЛ БАРБАЙТ

Ушул айдын ортосунда президент Курманбек Бакиев Казакстанга расмий визит менен барган жатат. Сапары маалында президент эки коңшу мамлекеттин ортосунда былтыр түзүлгөн мамлекеттер аралык жогорку кеңештин жыйынына да катышат. Бирок эки өлкө башчылары талкуулай турган орчундуу маселелердин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/7E89E21D-411F-4728-A8E7-5E72AF392074.asp башы али ачыла элек.
Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досалы Эсеналиевдин билдирүүсү боюнча, сапардын башкы максаты Мамлекеттер аралык жогорку кеңештин 17-18- апрель күндөрү Астанада өтүүчү жыйынына катышып, эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулоо:

-Мамлекеттер аралык кеңештин отурумун утурлап, Курманбек Бакиевдин расмий визити да даярдалып жатат. Өзүңөргө белгилүү болгондой Мамлекеттер аралык жогорку кеңештин негизги максаты Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы бардык тармактар - саясат, экономика, гуманитардык, социалдык багыттагы кызматташтыкты тереңдетүү максаты коюлган. Албетте расмий сапардын убагында да, кенештин отурумунда да ушул маселелер талкууланат.

Досалы Эсеналиевдин айтымында, азыр расмий сапары убагында талкууланчу маселелер такталып жаткандыктан күн тартибине кандай маселелер кирээри ачыктала элек.

Бирок Астана шаарынын “Ак ордо” жайында өтө турган жолугушууда бирдиктүү союз түзүү тууралуу эки мамлекет башчынын өткөн жылкы сүйлөшүүлөрүн ишке ашырууга кимиси канча кадам жасаганы салмактанаары белгилүү. Анткени өткөн жылдын апрелинде оппозициянын жаалы катуу келип турган кезде Кыргызстанга сапар менен келген Нурсултан Назарбаев Бакиевге дем берип, Мамлекеттер аралык жогорку кеңеш менен Тышкы иштер министрликтеринин кеңешин түзүп кеткенде Бакиев Назарбаевдин Борбор Азиядагы мамлекеттердин бирдиктүү союзун түзүү тууралуу 10 жылдан бери тилеп келаткан демилгесин колдой тургандыгын билдирген болчу.

Казакстан Кыргызстанга миллиард доллар инвестиция берүүгө даяр экендигин жар салган Назарбаев болсо, пансионат жана чек ара боюнча талаштардын чечилбей келаткандыгына кабатырланып, бул эки ортодо ишенимди жаратпасын кыйыткан эле. Саясат талдоочулардын баамында, Бакиев Казакстанга мына ушул маселелерди чечпей барса капчыгы 100 миллион доллар түзө турган бирдиктүү инвестициялык фонддун тагдыры да арабөк калышы мүмкүн.

Ал эми 2001-жылдан бери ратификацияланбай келаткан чек ара тууралуу келишим менен 1992-жылдан бери эки ортодо турган 4 пансионаттын тагдырын чечүүгө келгенде парламентте эки ача пикир күчтүү. “Ак жол” фракциясынын депутаты Жангороз Каниметов пансионаттарды берүүгө каршы оюн төмөнкү аргументтер менен бекемдейт:

-Биз Кыргызстандын менчигине алмайынча бул өтө коркунучтуу маселе. Кыргызстандын ичиндеги чек ара түштүктөгү Сох, Шахимардан сыяктуу анклав болуп калышы толук мүмкүн. Казакстан пансионаттардын тегерегин бүгүн эле көлгө чейин тосуп алган.

“Ак жол” фракциясынын дагы депутаты Бейшенбек Абдрасаков “пансионаттардан кол жуусак экинчи ыңкылап чыгышы мүмкүн”, - деп билдирди.

“Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев болсо, Ысыккөлдүн айланасындагы эл эс алуу жайларын берүүгө жапырт каршы дейт:

-Элдин пикири бирөө гана - пансионаттар эч кимге берилбеш керек!

Ал эми мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетов пансионаттардын имараты гана көп жылдык ижарага берилип, жер Кыргызстандын эл менчигинде калаарын түшүндүрүүдө.

Коопсуздук кеңештин катчысы Токон Мамытов болсо чек ара жана пансионат маселесин чечүүдө эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиясы кыргызстандыктардын суроосун көбүрөөк орундаткан деп, талашты чыгарууга кайсы бир күчтөр кызыкдар экендигин баса белгиледи:

-Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт аралык комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде Кыргызстанга 6 миң 880 гектар жер өткөн. Казакстанга 4 миң 350 гектар жер өткөн. Бул санды карап көрсөңөр 2,5 миң гектар жер Кыргызстанга пайдалуу болуп өткөн. Бул кыргызстандыктардын суроосу менен канааттандырылган. Эми бир нече жылдан кийин туура эмес чечилген деп айрым адамдар ар кандай сөздөрдү жайып жатышат. Бул туура эмес. Себеби мындай маалымат кайсы бир күчтөргө керек болуп жатат. Кыргызстандагы саясий туруктуулук, азыркы бийлик менен өкмөт жүргүзүп жаткан саясат балким кимдир бирөөлөргө жакпастыр.

Парламенттин тиешелүү комитети болсо пансионаттар боюнча “Менчикке укукту жөнгө салуу” жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырып, парламенттин кароосуна сунуштады. Мыйзам президенттин сапарына чейин жактырылса, пансионаттар Казакстандын карамагына өтөт.

Депутаттар талаш жерлерди Каркыра жайлоосуна барып көргөндөн кийин чечет деген маалымат бар. Ал эми Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы сооданын көлөмү былтыр 531 миллион долларды түзүп, берген инвестициясы боюнча Казакстан биринчи орунду алды.