16:57 К.Исаев: ЭлТРдин жетекчисин кызматтан алуу боюнча президенттин жардыгы таң калычтуу

ЭлТРдин байкоочулар кеңешинин төрагасы Кусейин Исаев “Азаттыкка” берген маегинде бул жардыкты интернеттен окуп алып, байкоочулар кеңеши бул бийликтин коомдук телекөрсөтүүнү жок кылуу аракетиби же демократиядан чегинүүбү деп таң калышып, кеңештин укук-милдеттери эми кандай болот деп отурушканын билдирди. Анын айтымында 9 адамдан турган ЭлТРдин байкоочулар кеңеши үч жыл мурда президенттин жардыгы менен бекитилген. Анын жобосунда аталган коомдук телерадиокомпаниянын башкы директорун президент байкоочу кеңештин сунушу менен гана кызматка коюу жана алуу белгиленген.(SM)