НАТО УКРАИНА МЕНЕН ГРУЗИЯНЫ ЖООШУТУУНУН ЖОЛУН ТАПТЫ

Грузия менен Украина НАТОнун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/E1C33D9F-A02E-4FC0-ABD7-32ECD604F744.asp Бухаресттеги саммитинде альянстын Мүчөлүк аракеттер планына кошулууга чакыруу албай калышты. Бирок Бухаресттеги жыйынга катышкан украин жана грузин президенттери өзүлөрү күткөндөн жакшыраак кабар алышканын айтып оптимисттик маанайда билдирүүлөр жасашты. Франция Ооганстанга кошумча аскер жөнөтөөрүн жарыялады.
Адегенде шаршембиде кечинде НАТОго мүчө 26 өлкөнүн лидерлери сый тамак үстүндө Грузия менен Украинанын статусун талкуулап, бир пикирге келе албай тараганы маалымдалган. Бухаресттеги жыйындан көптү күткөн өлкөлөр ичинен Хорватия менен Албания Түндүк атлантикалык альянска кирүүгө ырасмий чакыруу алып, Македония - өлкөнүн аталышы боюнча Грекия менен талаш-тартыш бир тараптуу чечилген соң кошулаары жарыяланды.

Мурунку күнү эле НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер жана АКШнын президенти Жорж Буш Киев менен Тбилисини катуу ишендиргенин эске алганда, Бухаресттен бул эки өлкө лидерлери кантсе да куру кайтпайт деген жоромол бар эле.

Айткандай эле бейшембиде түшкө маал баш катчы Яап де Хооп Схеффер маалымат жыйынын чогултуп, Грузия менен Украина Мүчөлүк аракеттер планына азыр дароо кошулбаганы менен, НАТОго акыры мүчө болууга милдеттенме алганын, ал багытта бул эки өлкөдө кандай жылыштар жасалганын альянстын тышкы иштер министрлери быйыл декабрь айында текшерип, МАП статусун ыйгаруу маселесин ошолор чечээрин жар салды.

Бул жаңылыкты Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кабарчыларга төмөнкүдөй чечмеледи.

- Бизди НАТОго кабыл алуу милдеттенмеси турганда, Мүчөлүк аракеттер планы анчалык маанилүү эмес. МАП – бул мүчөлүккө өтүүдөгү бир техникалык баскыч. Македония, мисалы, МАПка кошулганына 10 жыл болду, ал 20 жылга созулушу мүмкүн, МАП статусу мүчөлүккө кепилдик боло албайт. Биз болсо мүчөлүккө 100 пайыз кепилдик алдык, формалдуу болсо да, бул абдан күтүүсүз чечим болду, - деди Саакашвили кубанычы койнуна батпай.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Грузия менен Украина ошентип, Бухаресттеги саммитте НАТОго кошулууга ырасмий чакыруу алган жок, бирок жыл аягындабы, же эмдиги жылыбы, айтор келечекте сөзсүз кошуласыңар деген ишаара жасалды деп кабарлоодо. Лондондогу Гэтем Хауз изилдөө борборунун эксперти Робин Шепхерд Бухаресттеги жыйынга катышып жаткан байкоочулардан.

- Бул эми аргасыз бир мунаса чечим болду. Бардык тарап бир нерсеге жетишти деп канааттангандай. Америкалыктар бул эки өлкөнү акыры НАТОго кошууга бекем милдеттенме алдык деп жүзү жарык, баары бир чечим бул жыйында кабыл алынган жок деп европалыктар өзүнчө ыраазы, - деп мүнөздөйт НАТОнун чечимин Лондондук эксперт.

Бухаресттеги саммит жалаң альянстын кеңейүү пландарын гана сөз кылбастан, Ооганстандагы талип козголоңчуларына каршы күрөштү күчөтүү жолдорун да талкуулады. НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер саммитте ооган президенти Хамид Карзай улуттук армия Кабулдагы коопсуздукту өз алдынча күзөтүүгө быйыл августта кирише алат деп айтканын кубаттады:

-Президент Карзайдын ооган күчтөрү Кабулдагы коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат деп айтканы акыры бул план ишке ашаарынан күмөн санагандар үчүн далил болду окшойт.

Бирок НАТО жетекчилиги альянстын аскерлери Ооганстанда дагы узак мөөнөт кызмат өтөшү зарыл деп белгилешти. Франция Ооганстандагы аскерлерине дагы 700 жоокер кошмой болду. АКШ 3500 деңиз аскерин жардамга берип, бирок 7 айдан кийин аларды кайра Иракка алып кетээрин кошумчалады.

НАТОго мүчө өлкөлөр Ооганстандагы миссиясын аткарууда Орусия өз аймагын пайдаланууга уруксат берет деп үмүт артууда. Жума күнү Бухаресттеги саммитке катышаары күтүлүп жаткан орус президенти Владимир Путин менен бирге Ооганстандан башка да талылуу маселелер талкууланмакчы.