Дүйнөдө СПИД, кургак учук, жана безгек илдеттерине каршы күрөшүү үчүн 50 миллиард доллар ажыратууну караган мыйзам долбоорун Конгресстин Эл өкүлдөрү палатасы жактырды. Программа 5 жылга эсептелген. Президент Жорж Буш колдогон демилгеге ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү, же 41 миллиарды көбүнесе Африка өлкөлөрүндө СПИД менен ооругандарды дарылоого жана профилактикага кетет. Бул - АКШ жетекчилиги тарабынан жогорудагыдай максатта бөлүнүп келген каражаттын эң ири суммасы.