Иран Голландиялык саясатчынын исламга каршы даректүү тасмасына байланыштуу нааразычылык билдирди

Голландиянын парламент мүчөсү Герт Вилдерс тарткан тасмада ислам – дүйнө жүзүндө үстөмдүгүн орнотуп, Батыш цивилизациясын жок кылууну максат кылаары айтылат. Ырасмий Тегеран ага байланыштуу Голландиянын жана учурда Евросоюзга төрагалык кылып жаткан Словениянын элчилерине нааразылык нотасын тапшырды.