10:00 Ысыккөлдүн жээгинде куткаруучуларга реабилитациялык борбор ачылат

Мындай макулдашууга Кыргызстандын жана Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлери К.Ташиев менен В.Бажко Жамааттык коопсуздук уюмуна кирген өзгөчө кырдаалдар министрлеринин март айында Москва шаарында өткөн координациялык кеңешинде жетишкен. Министр Камчыбек Ташиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аталган борбор Чолпоната шаарында Жамааттык коопсуздук уюмунун алкагында ачылат. Анын базасында сууда жана тоолордо куткаруу бригадаларын түзүү пландаштырылууда. Жамааттык коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин кимиси кандай милдеттенмелерди алат, мунун үстүндө учурда атайын түзүлгөн жумушчу топ иш алып барууда. Жамааттык коопсуздук уюмуна кирген өзгөчө кырдаалдар министрлеринин координациялык кеңешинде быйыл төрагалык орунду Кыргызстан алгандыктан, анын кийинки , сентябрда өтө турган жыйыны Бишкекте өткөнү турат.(MSu)