КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫ ДИНИЙ САБЫРДУУЛУКТУ КОЛДОШОТ

Кечээ голландиялык депутат Герт Вилдорс исламды каралаган тасмасын Интернетке чыгарды. Вилдорс өзү анын 15 мүнөттүк фильми эмне үчүн Куран “фашисттик китеп” экендигин көрсөтөт, деп айтты. Тасма тууралуу алгачкы жолу былтыр ноябрда айтыла баштагандан бери эле бул кабар Голландиянын өзүндө да, жалпы дүйнөдө да кызуу талкууларды жаратып келет. Голландия бийликтери заматта эле Вилдорсту ислам динине берген аныктамасы үчүн айыптап киришти. Калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунган Кыргызстандагы жаштар ал тасмага карата кандай ойдо?
2001-жылдын сентябрындагы эң катаал террордук чабуул... Учак Дүйнөлүк соода борборунун имаратын сүзүп, имарат урап түшөт. Урандылардын астында калган аял менен полициянын сүйлөшкөн жери...

“Фитна” деп аталган тасманын алгачкы мүнөттөрүндөгү бул кадрлар андан ары башка террор актыларында тартылып калынган сүрөттөр, жихадка чакырган диний лидерлердин сөздөрү менен уланат.



Голландиялык оңчул саясатчы Герт Вилдорстун жаңжалдуу бул тасмасын жергиликтүү сыналгы каналы эфирге чыгаруудан баш тарткандан кийин, саясатчы аны видео-клиптерди жайгаштырган интернет-сайтка илип койду.

“Фитна” деген термин өзү Курандан алынган. Кыргызчага которгондо “катаал күрөш”, же дагы бир маанисинде “козголоң” дегенди түшүндүрөт. Тасма башталганда да, бүткөндө да бир топ убактан бери жаңжалдарды жаратып келаткан карикатура , атап айтканда, Мухаммад пайгамбардын башына бомба салынган селде кийгизилген сүрөт көрүнөт. Даниялык карикатуристтердин ал сүрөтү бир топ гезиттерде басылып, жалпы мусулман дүйнөсүндө ири демонстрацияларды көтөргөн эле.

Голландиянын өзүндө миграциялык саясатка кескин сын айтып жүргөнү менен белгилүү саясатчы Вилдорс Гаагада өткөн маалымат жыйынында өзүнүн тасмасы тууралуу буларга токтолду:

- Бул – провокация, бирок реалдуу турмуштун ачык көрүнүшү жана саясий тыянак. Мен саясатчымын. Ислам - Голландиядагы эркиндик үчүн негизги коркунуч. Ошондуктан мен ага каршы эскертүү жасашым керек, - деди тасманын автору.

Вилдорс тасмасын “Европанын исламдашуусун токтотуу зарыл” деген чакырык менен аяктайт. Автордун ишениминде, европалыктар өздөрүнүн эркиндигин коргоп калышы лаазым. Вилдорс буга чейин Европа фашизмди, андан кийин коммунизмди жеңгендей эле, эми исламды да жеңиши зарыл деген оюн билдирет.

Голландиянын бийликтери менен динаятчылары тасманын көрсөтүлбөшү үчүн бир жума бою сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келишти. Анткени алар эки жыл мурда Данияда Мухаммад пайгамбарды мазактаган карикатура басылгандагы демонстрациялардын кайталанышын каалашпайт. Жумурияттын премьер-министри да ушул аптада бул тасма тууралуу сөзүндө Исламдын фильмдеги аныктамасын өкмөт четке кагаарын билдирген. Ошол эле учурда сөз эркиндигин баалаган мамлекет автордун чечимине каршылык көрсөтө албаганы анык болду.

“Фитнанын” айланасындагы окуялар сөз эркиндиги маселесинин чегинде каралышы керекпи же бул диндер ортосунда араздашууну күчөтүүгө жасалган далалатпы? Кыргызстандык жаш саясий аналитик Азамат Абабакировдун ишениминде, бул - этикалык-моралдык гана маселе.

- Айталы, эгер мен Даниядагы ошол карикатурист болсом, муну (Мухаммад пайгамбарды мазактаган сүрөттү – ред.) тартсам болобу-жокпу, бул туурабы-туура эмеспи деп ойлонмокмун. Бирок бул өңдүү иштерге тыюу салынышы, менин оюмча, туура эмес. Буга уруксат болушу керек, ошол эле учурда ар бир адам акыр аягында өзүнүн этикалык баалуулуктарына жараша чечи кабыл алат.

Ал эми 25 жаштагы Аманат Тукунов көп жылдардан бери эле күнүнө беш убакыт намаз окуп, өз учурунда орозо кармайт, ар жума күндөрү мечитке жума намазга барат. Аманат голландиялык саясатчынын исламды мазактаган тасмасын терс кабыл алганын жашырбады. Бирок, ошентсе да, эртең, эгерде Алатоо аянтына адамдар демонстрацияга чыгып, Вилдорстун тасмасына каршы пикирин айтышса, колдоп чыкпайм, дейт ал:

- Бизде андай окуялар болбойт го дейм. Адамдар Кыргызстанда жөн гана Аллага дуба кылып, сабырдуулук кылышат. Менимче, бул саясат. Дин болсо бизде саясатка аралашпайт.

Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, мына ушундай эле пикирин билдирген. Анын айтымында, мындан эки жыл мурда Данияда “карикатура чатагы” чыкканда да кыргызстандыктар сабырдуулук кылып, эч кандай радикалдуу аракеттерге барышкан эмес.

Дегинкиси, Голландия мусулмандар жана ислам менен байланышкан чуулгандуу окуяны алгачкы жолу баштан өткөрүп олтурган жок. 2004-жылы голландиялык кинорежиссер Тео ван Гог да исламды сынга алган тасманы тартканы бар. Кийин аны Амстердамда атып кетишти. Эми Вилдорско да кол салуу болушу ыктымал деген кооптонуу бар окшойт, айтор, голланд өмкөтү ага сакчы жалдаганы маалым болду.

“Фитнанын” айланасындагы талаш-тартыштар дагы көпкө созулат шекилди.