ПРЕЗИДЕНТ К. БАКИЕВ БИШКЕККЕ ЭСЕН-СОО КАЙТЫП КЕЛДИ (сүрөт баян)

Президент Курманбек Бакиев Германиядагы эс алуудан Бишкекке 28-мартта кечинде кайтып келди. Мамлекет башчысы “Манас” аэропортунда кыскача маалымат берип Германиядагы эс алуу өргүүсүндө бутунун муундарын дарылатканын айтты. Бакиевдин айтымында, күнүгө премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, облус губернаторлоруна телефон чалып, өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат алып, жазгы айдап-себүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн. Президент денсоолугу жакшы экендигин, ал жөнүндө айың кептерди айрым саясатчылар чыгарганын айтты. Өлкө башчысын “Манас” аэропортунда премьер-министр Игорь Чудинов, Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров, президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов тосуп алышты.