Британия өкмөтү Ирактагы аскерлери адам укуктарын бузганын мойнуна алды

Англия аскерлери 2003-жылы Басра шаарында тогуз Ирак атуулун кармап, аларды жоочуларга тиешеси бар деп шектеп эки күн уруп-сабоо менен суракка алышкан. Анын натыйжасында кармалгандардын бирөөсү өлүп кеткен. Англиянын коргоо министрлиги каза тапкан атуулдун үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү үчүн сүйлөшүүгө баруу ниетин билдирүүдө.