ЫСЫККӨЛДҮКТӨР КАРКЫРАНЫ КАЗАКСТАНГА БЕРҮҮГӨ КАРШЫ

Ысыккөл облусундагы бардык район, шаар, айыл өкмөттөрүнүн 200дөн ашуун өкүлү чогулуп, “Акыл ордо” аттуу коомдук кеңеш түзүп, жыйын курушту. Жыйын соңунда Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионат менен Каркыра жайлоосу --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/1ab87fae-91a0-483d-b4b2-7e58ba0925e5.asp Казакстанга берилбесин деген чечимге келишип, мамлекеттин бийликтерине кайрылуу кабыл алышты.
“Акыл ордо” коомдук кеңеши жергиликтүү жамаат өкүлдөрүнүн бирдиктүү органы катары түзүлүп, үй-бүлө маселелеринен тарта мамлекеттик башкарууга чейинки ири маселелерди талкуулап, иштиктүү чечимдерди кабыл алууга милдеттендирилди. Жыйынга катышкан экс-депутат Мукар Чолпонбаевдин айтымында, кол жээгиндеги төрт пансионат менен Каркыра жайлоосун Казакстанга бербөө чечими тарыхый негиздерге таянып кабыл алынды:

- Жыйындын чечими юридикалык күчкө ээ болбогон менен бүткүл облустун элинин көз карашын билдирген талап болуп калды. Анткени СССР кезинде 1965-жылы түзүлгөн карта боюнча Каркыра кыргыздын жери деп көрсөтүлгөн экен. Демек ал негиз болуп бере алат. Ал жерде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек аралар ачык көрсөтүлүптүр. Төрт пансионат боюнча да берилбесин деген чечим кабыл алынды. Анткен себеби, союз тараганда эл аралык келишимге кол коюлганда Кыргызстан пансионаттар аларга тиешелүү эмес деп кол койгон. Ошондуктан, аларга беребиз дегендей алардын алдында эч кандай милдеттенмеси жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев жыйындын бул эки маселе боюнча тең чечимин колдоо зарыл, аны менен мыйзамдуулукту сактайбыз дейт:

-Мен колдойм. Төрт пансионатты берсек өз мыйзамдарыбызды бузган болобуз. Каркыраны дагы бербеш керек. Эгер берсек пайдаланууга гана бериш керек.

Ал эми “Ак жол” фракциясынын депутаты Зайнидин Курманов жергиликтүү жамаат өкүлдөрүнүн мындай чечимин колдоонун кереги жок, анткени маселени эмоцияга алдырбай, эл аралык укуктардын алкагында чечүү зарыл деген пикирде:

-Карапайым эл татаал маселеге жеңил караса болот. Бирок бийликте турган адамдар мындай татаал маселени тереңирээк кароого милдеттүү. Жалгыз гана бүгүнкү күн эмес келечекти да ойлош керек. Анткени, кеп жалаң гана буюм жөнүндө эмес, жакын мамлекеттер менен мамилебиз кандай түзүлөт деген маселеде. Геосаясат, ички, тышкы саясатты теңдеп туруп чечим чыгарыш керек. Эмоцияга берилип, баары биздики деген болбойт!

Зайнидин Курманов андан тышкары Каркыра жайлоосу менен пансионаттарды бир маселе катары карап, коомчулукту чаташтыруу эл аралык укук нормаларын жакшы билбеген жана жеке гана кызыкчылыкты көздөгөн тараптардын жигеринен чыгып жатат билдирди. Анын оюнда, СССРдин мүлкү менен тышкы карыздарын бөлүштүрүү тууралуу 15 республиканын ортосунда 1992-жылы түзүлгөн келишимди негиз кылып, азыркы учурдагы абалды эске албай коюу саясий сокурлукту билдирет.

“Ак жол” фракциясынын дагы депутаты Жангороз Каниметов болсо пансионаттарды берүү тууралуу Акаев кол койгон 1996-жылкы жана Бакиев кол койгон 2006-жылкы макулдашууну ратификацияланса Кыргызстанда Казакстандын анклавы түзүлүп калышы мүмкүн деп кооптонот:

-Көп документтерди изилдеп көрдүк. Төрт пансионатты Кыргызстан өз менчигине өткөрүп албаптыр. Ошон үчүн бул өтө коркунучтуу, анткени эртең ал жайлар Казакстандын анклавы болуш калышы мүмкүн.

Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов 630 гектарлык Каркыра жайлоосун 1150 гектарлык сугат жерине алмашкан Кыргызстан утушка гана ээ болду, демек ал келишим ратификацияланса эки мамлекеттин чек арасы толук чечилет деген үмүттө:

-Мотиви бир гана 630 гектар жерди Казакстанга берип койдуңар деп жатышат. Бизге өткөн жер Санташ айылына жакын жерде жана сапаты боюнча эч кандай уттуруш же утуш болгон жок. Ал жер биздин элдин пайдалануусуна ыңгайлуу жер. Бул жерде да саясий оюндун шоокуму сезилип турат. Ушул келишимди ратификациялап бекитип алсак, мамлекет үчүн да, эл үчүн да абдан пайдалуу болор эле.

Ал эми Жогорку Кеңеш депутаттары бул эки маселени парламентте кароодон мурун Каркыра жайлоосун барып көрүп, жеринде териштирүүнү, ал эми пансионаттар маселесин дагы калчап көрүүнү азырынча эп көрүп турушат.