Ирактагы радикал шииттердин лидери сүйлөшүүлөргө чакырууда

Моктада аль-Садр Ирактын Басра шаарында коопсуздук күчтөр менен Махди аскерлеринин ортосундагы кагылышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого жана өкмөттүк күчтөрдү көзөмөлдөп жаткан премьер-министр Нур аль-Маликти Басрадан чыгып кетүүгө үндөдү. Премьер-министр өз кезегинде куралдарын таштоого жоочуларга 72 саат берген. Акыркы күндөрдөгү Басра шаарындагы кагылышуулардан 40 адам каза таап, 200дөй жарадар болду.Багдадда аскерий операция учурунда АКШнын эки аскери окко учканы кабарланууда.