ЖАЛАЛАБАТТЫК ДЕЛЕГАТТАР ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЖЕР МАСЕЛЕСИН КӨТӨРҮШӨТ

  • Ырысбай Абдыраимов
Коомдук парламентке мүчө болуп облустан беш адам аныкталган. Коомдук парламент өткөрө турган элдик курултайга алар менен кошо бир нече адам да бара турган болду. Бирок парламент өкүлдөрү өздөрү менен бирге барчу адамдардын коопсуздугун сактоо үчүн алардын санын жана качан жөнөшөөрүн ачык айтпай жатышат. Коомдук парламенттин мүчөлөрүнүн ырастоосу боюнча элдик курултайда ыңкылаптан кийинки өлкөдөгү кырдаал талкууланат.
Коомдук парламенттин облустагы өкүлү Ильич Нарматов референдумда жалпы добуш менен кабыл алынган Баш мыйзамдагы жер жана жаратылыш байлыктарын жеке менчикке берүү беренесин курултайдын кароосуна сунуш этмекчи. Анын белгилешинче өлкөнүн экономикалык программасы болбогондуктан баалар кымбаттап, Ысыккөл айланасындагы пансионаттар менен Каркыра жайлоосу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы талаш маселеге айланды:

- Конституцияда жер ресурстарын жеке менчикке берүүгө болот деген жери бар эле, ошол жерди көтөрүп оң жака кабыл ала турган резолюция алсак. Казакстан биздин 4 пансионатыбызды алып атышат. Каркыра деген жерибиз бар, биздин бийлик ушуга туруштук берип, эрки жетсе аябай жакшы болмок эле. Жогорку окуу жайларын жеке менчикке бербестен, мамлекеттин менчигинде калтырыш керек. Экономикабыз артка кетип атканы, баанын көтөрүлүшүнө каршы программаны иштеп чыксак аябай жакшы болмок эле.

“Aта мекен” партиясынын облустагы төрага орунбасары Кадырбек Жакыпов элдик курултайга партиянын атынан катышмакчы. Жакыповдун айтымында элдик курултайда март ыңкылабынан кийинки өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал каралаары белгилүү болду. Үч жыл мурда болгон ыңкылаптын максат-талаптары аткарылган жок. Аны 24-мартты майрамдаганы облустагы эркиндик аянтына аз келген элдин үрөйү эле тастыктап турат деп айтты Кадырбек Жакыпов:

- 2005-жылдын 24-мартынан кийин болуп өткөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө сөз болсо деген оюбуз бар эле. Майрамды эл өзү майрам деп сезмейинче аны майрам кылып алыш кыйын.

Коомдук парламенттин облустагы депутаты Советали Сеитбековдун көз карашы боюнча “эл арасында мурдагы бийлик жакшы иштеген экен” - деген ой-пикир айтылууда. Коррупцияга каршы жүргөн чабал күрөш, кирешелүү өнөр жай ишканалары менен электр тармагын жеке менчикке өткөрүү, чет жердеги кыргыздарды сактоо маселеси олуттуу бойдон турат:

- Элдин ичинде азыр Бакиевге караганда Акаевдин деңгээли бир кыйла жогору болгон экен деп атышат. Мына 3 жылда кылбаган нерсени, дагы 10 жыл бергенде дагы бул киши эч нерсе кыла албайт.

Коомдук парламенттин түзүлүшүнө байланыштуу тынчсызданууларын жарандар облустук аялдар кеңешине да билдиришкен. Кеңештин төрайымы Айчүрөк Мамажанованын пикиринде коомдук парламентти эл шайлаган жок, ишенимди аткара албаган адамдар менен экс-депутаттар аны бийликке каршы колдонууда:

- Буларды эл шайлаган жок. Бир депутат болсо дагы эл шайлаш керек. Коомдук парламенттегилер бийликтен кеткен чиновниктер президент берген кызматын жакшы аткара албастан, кызматтан бошотуп койсо ушундай иштерди ойлоп чыгарып атышат. Жалалабат облусунун 520 миң аялы, революционерлердин баары каршылыгын билдирип жатышат. Бизге келип жатышат атайын бул эмне деген шумдук. Бүгүн коомдук парламентпиз деп, эртең коомдук президентпиз деп чыкса өкмөтүбүздү, элибизди сөзсүз эле экс-депутаттар башкарыш керекпи деген ойлорун айтып жатышат.

Бирок анын коомдук парламент мыйзамсыз уюштурулду деген пикирине Сузак районунан Орунбай Сооронкулов кошулган жок. Анын айтымында коомдук парламент соттор менен бийликке ишеним кеткендиктен түзүлгөн:

- Эл шайлаш керек эле, мунун түзүлүшүнүн зарылдыгы жок, бул берки парламентке дублер болуп калды дешет. Бул коомдук парламент парламенттик шайлоодон кийин сотторго, бийликтегилерге ишенимдин кеткендигинен улам, зарылдыктан улам түзүлдү.