24-МАРТ: АЛ ӨЙҮЗ МЕНЕН БУЛ ӨЙҮЗ

2005-жылдын 24-марты --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/BC4C40D2-D7BC-4D66-92DD-9E40C0FF740E.asp тууралуу аркыл пикирлер айтылып келатат. Элдик делген ыңкылапты мактагандардан нааразы болгондордун саны арбын. Мындан үч жыл илгери көпчүлүктүн илгери үмүт, көктөн тилегени жерден табылдыбы? Бийлик алмашуусунун себептери менен натыйжалары тууралуу “Азаттык” үналгысынын “Бетме-бет” талкуусуна “Эр айдоочу” коомдук кыймылынын башчысы Качкын Булатов, “Таза коом” партиясынын тең төрагасы Табылды Акеров катышты. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.
Бекташ Шамшиев: Кеп оңутунан байкалып калгандыр, бүгүн биз 24-марттын себеп-натыйжалары тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз. Мына ортодон үч жыл өтүп кетти. Алгачкы эсеп-чотту чыгаруyнун кези келди окшойт. Качкын мырза, ыңкылап алдындагы үмүттөрүңүздүн канчасы аткарылды, аткарылбай калганы да болгондур.

Качкын Булатов: Эми а кездеги тилектердин көбү аткарылган жок. Биз элдик демократиялык кыймылдын лидери деп К.Бакиевди эле көтөрүп, ошону менен президенттик шайлоого барабыз дегенбиз. Жогорку Кеңеш муну майрам деп жарыялады, айрым саясатчылар аны ыңкылап, экинчилери төңкөрүш деп жатышат. Мен буга каршымын. Себеби элдин, ыңкылапчылардын ой-максаттары ишке ашкан жок. Биз бийликти мыйзамсыз алып бердик. Ошондой эле жол менен Конституция кабыл алынды, парламент шайланды. Үйбүлөлүк башкаруу калып калышына, коррупциянын кайра эле күчөп кетишине мен ушу убакка чейин нааразымын. Эгер кийин сот боло турган болсо, сот алдында деле жооп беришке даярмын.



Бекташ Шамшиев: Табылды мырза, 24-марттагы окуялар тууралуу сиздин пикириңиз. Ал күнү эмне болду, ыңкылаппы, төңкөрүшпү?

Табылды Акеров: Менин оюмча, аны ыңкылап деп айтыш кыйын. Мындай төңкөрүштөр Азия өлкөлөрүндө көп эле болгон. Себеби өткөөл мезгилде элдин турмушу начар болуп, нааразылык күчтүү чыгат. Аны оппозициялык топтор, кландар ыктуу пайдаланып кетишет. Төңкөрүш жолу менен антип бийликти кулатуу Кыргызстанда да болуп өттү. Буга үйбүлөлүк башкаруу менен парламент шайлоодогу толгон-токой мыйзам бузуулар себеп болду.

А.Акаевдин баласын, кызын, балдыздарын парламентке алып кирүү аракети элдин нааразылыгын күчөткөндөн башкага жараган жок. Ошондогу элдик нааразылыкты кландар ыктуу пайдаланып, бизнес менен менен аралашкан топ бийликти ээлеп калды. Өз кызыкчылыгын көздөгөн бу топ деле үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп алышты.



Бекташ Шамшиев: Качкын мырза, сиздер ыңкылап камылгасы менен жүргөн кезиңиздерде өзүңүздөрдүн саясий-экономикалык программаңыздар бар беле? Же президент шайлап алсак эле баары жай-жайына келет деп ойлодуңуздар беле?

Качкын Булатов: Бизде элдик демократиялык кыймылдын программасы жок болчу. Бизде А.Акаевди түшүрсөк бир жакшы киши келсе, патриот киши болсо ал Кыргызстанды оңдоп кетет деген ой бар болчу. Азыр деле ошондой эле ой болуп жатат. Ал кезде команда деле жок болчу. Министри ким болот, губернатор, аким кимиси дайындалары белгисиз эле. Бир гана К.Бакиевди инсан катары өлкөнү оңдойт дечүбүз. Ал өзү деле заводдун директору болгонун, өндүрүшчү экенин айтчу. Ошого эл ишенген. Бул оппозициянын да чоң күнөөсү. Бир инсандын сөзүнө ишенип алып аны бийликке алып келип алды. Мына Кыргызстандын экономикасынын, демократиясынын талкаланып жатканы ушундан болуп жатат.



Бекташ Шамшиев: Табылды мырза, президент К.Бакиев Нооруз менен элдик ыңкылап майрамына карата жиберген куттуктоосунда элге берилген негизги үч убада ишке ашырылганын айтты. Парламент таратылып, конституциялык реформа жүргүзүлгөнүн билдирди. Ыңкылаптан кийин негизги максат-милдеттер ишке ашырылдыбы же кагаз жүзүндө эле калдыбы?

Табылды Акеров: К.Бакиев мурдагы президент А.Акаев тушундагы терс көрүнүштөр жоюлуп жатканын, Кыргызстан жаңы жолго түшкөнүн айтып келатат. Бирок бул кагаз жүзүндө гана калып, Кыргызстандын реалдуу турмушунда өзгөрүүлөр болгон жок. Тескерисинче, үйбүлөлүк башкаруу мурдагысындай эле калды. Коркутуу, опузалоо күчүндө калды. Мына жакшы өнүгүп келаткан “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын отургузушту. Анын артында үйбүлө турганын айтышты. “Ысыккөлинвест” банкынын акциясын Акүйдөгү таасирдүү адамдар алып коюшканы маалымдалууда.

Бекташ Шамшиев: Качкын мырза, сиздин өнөктөштөрүңүздүн көбү ыңкылаптын уурдалып кеткенин айтууга өтүштү. Сиздин пикириңиз.

Качкын Булатов: Ыңкылап өнүгүп атат дегенде, ал коррупция, менчиктештирүү жагынан ошондой болуп аткандыр. Элдин турмушунун өнүгүп кеткен жери жок. Себеби миллионго жакын кыргызстандыктар башка өлкөнүн, айрыкча Орусиянын жарандыгын алып кетип жатышат. Алар азыр акчадан кайрылышып турушат. Балалуу болуп, бекем орун-очок алгандан кийин алар бул жерге келбейт. Мен К.Бакиев келгенде демократия, экономикалык өнүгүү боюнча жакшы иштер жасалат деп ойлoгом. Бирок ал жеке кызыкчылыгына көбүрөөк ооп кетти. Ошогo ыңкылапчылардын көбү нааразы.



Бекташ Шамшиев:Табылды мырза, сиз да пикир кошкону турат окшойсуз.

Табылды Акеров: Жогорку Кеңеш 24-мартты Ыңкылап күнү деп бекитти. Коомчулук муну аркыл кабылдап жатат. Эгер ыңкылап болсо анда Бишкек калаасы таланып-тонолбойт эле. Чыныгы ыңкылап болсо Жалалабаттагы окуялар болбойт болчу. Улуттук банктын облустагы банкынан ири акчалар уурдалбайт болчу. Бул ыңкылап эмес. Жагдайды билип туруп эле ошо кездеги президент А.Акаевдин эч кандай чара көрбөгөнүнө эмдигиче таң калам. Анын биринчи белгиси өкмөт башчы Н.Танаевдин Ошко коно албай кетиши эле. Аэропорттун учуу тилкесине таш төгүп салышкан. Оппозиция антип жолду бууп, бирок бийлик сүйлөшпөй жатканын айтат.

Бекташ Шамшиев:Качкын мырза, сиздин ыңкылаптан алган сабагыңыз эмне болду?

Качкын Булатов: Мисалы менин максатым А.Акаевди бийликтен кетирүү болчу. Элдин көбү ага нааразы эле. Ошол максатка жеттик деп ойлойм. Анан К.Бакиевди шайладык. Эми деле Кыргызстанга патриоттор келет деп ойлойм. Эми биз жалгыз кишиге гана үмүт артпай, оппозиция болгондон кийин өзүнүн программасы менен келишине жетишип жатабыз.

Бекташ Шамшиев:Табылды мырза, элдик ыңкылаптан кийин кыргыз коомунда болгон олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу айта аласызбы, деги андай өзгөрүүлөр болдубу?

Табылды Акеров: Үч жыл ичинде өзгөрүүлөр болушу керек эле. Аны президент деле айтып келатат. Өздөрү деле айтылган сөздөр ишке ашпай калганын билишет. Мына, Кызылкыядагы цемент заводун куруп бүтөбүз дешкен, эмдигиче бүтө элек. Элдин турмушу кыйындап, ошонун натыйжасында сыртка көчүп кетүүлөр көбөйүүдө. Түштүктөн түндүккө көчүү, чет өлкөгө көчүп кетүүлөр көбөйгөндүн үстүнө көбөйүүдө. Бул жаман жышаан.



Бекташ Шамшиев:Качкын мырза, кийинки жылдарда Кыргызстанда олуттуу дегидей өзгөрүүлөр болдубу?

Качкын Булатов: Эми өзгөрүү дегенде, азыркы Каракеченин кандай кейпте экенин жакшы билесиңер. Кумтөр боюнча чатактын аягы көрүнө элек. Келишимге кол коюшканы менен жыйынтыгы чыга элек. Ал эми Жерүй кыргыздын жери, бир инвестордон экинчисине сатылып жатат.

Бекташ Шамшиев: Анда сиздерге маек куруп бергениңиздерге ырахмат.