Мамлекет башчынын кыргыз элине жолдогон куттуктоосунда Нооруз майрамынын эл үчүн мааниси тууралуу айтылып, бул майрам өлкөгө жакшылыкты алып келерине үмүт байлаган. Ал эми Кыргызстанда жаңы саясий жашоо алып келген 24-мартты майрам күн катары белгилөөгө макулдук берген Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын билдирип, президент Курманбек Бакиев 2005-жылдан бери өлкөнүн турмушунда саясий экономикалык жакшы өзгөрүүлөр болгондугун белгилеп кеткен. Алардын катарында Конституциялык реформа жана шайлоо системасынын өзгөрүүсү тууралуу өзгөчө айтылып кеткен. Бул тууралуу президенттик маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)