МАКЕДОНИЯ АТЫН ӨЗГӨРТСӨ, ГРЕКИЯ НАТОНУН КУЛПУСУН АЧАТ

Амирбек Усманов, Прага НАТО 2-4-апрелде Бухарестте өтчү жыйындын башкы темасы боюнча бир бүтүмгө келе элек. Мындай билдирүүнү альянстын башкатчысы Яап де Хооп Скеффер жасады. Ошондуктан Бухарестте Батыш Балкандагы үч өлкөсүнүн альянска өтүшүнө макулдук берилеби, азырынча белгисиз. Скеффердин айтымында, Украина менен Грузияны НАТОнун «Мүчөлүк аракет планына» кабыл алуу маселеси да чечилбей жатат.
НАТОго мүчө 26 өлкө Албания, Македония жана Хорватияны альянска кабыл алуу маселесин алиге чече албай жатат. Бул тууралуу НАТОнун башкатчысы де Хооп Скеффер дүйшөмбү күнү Брюсселде маалымдады:

-Мен чакыруу жасалат дегенден башка эч нерсе айта албайм. Себеби НАТОнун (тышкы иштер) министрлери эки жума, 10 күн мурда ушул имаратта кездешкенде ачык бир бүтүмгө келбеди.

Арасат абалга Македониянын мамлекеттик аталышы себеп болууда. Грекиянын түндүгүндө да кадимки Искендер Зулкайнар төрөлгөн Македония облусу бар. Македония өз атын өзгөртпөсө, ырасмий Скопье кайсы бир күнү гректердин Македониясын бизге таандык деп чыгат деп кооптонот ырасмий Афины.

Македония талапка көнбөсө, Грекия - НАТОнун мүчөсү катары - вето укугун колдунушу мүмкүн. Ал аз келгенсип, уюм мүчөлөрү да «же баары өтсүн, же эч ким өтпөсүн» дегендей маанайда турушат.

Грузия менен Украинанын НАТОнун «Мүчөлүк аракет планына» чакырылары да азырынча күмөндүү. Скеффер эки өлкө «демократия багытында алгылыктуу жылыш жасаганы» менен, аларда саясый кырдаал катаал экенине көңүл бурду:

-Тилекке каршы, өткөн күздө Грузияда болгон окуялар өлкөнүн НАТО менен болгон мамилесине зыян келтирди. Мамиле азыр кайра оңолду деп ойлойм. НАТОнун ачык эшик саясаты Бухаресте дагы тастыкталат деп ишенем. «Мүчөлүк аракет планы» жөнүндө ачык бир нерсе айтууга али эрте.

НАТОго кошулуу идеясы Украина парламентин экиге бөлүп, депутаттардын бир нече жумага созулган тирешүүсү өткөн аптада гана токтогон. Ага карабай, Скеффер баамдагандай, Украина НАТОнун бардык аскерий операцияларына жигердүү катышууда. Грузия да «өтө активдүү».

Россия НАТОнун чыгышка кеңейүүсүнө каршы. НАТОнун айрым мүчөлөрү да Москва каршы чара көрөт деп, альянска экс-советтик республикаларды чакыруудан кооптонуп турушат. Бирок Скеффердин билдиришинче, НАТОнун кайсы бир чечимди кабыл алуусуна уюмга мүчө эмес өлкөлөр таасир эте албайт. Анткени, Эстониянын президенти Тоомас Хендрик Ильвес айткандай «демократиянын кеңейүүсүнө жана өз чек арасында мыйзамдуулуктун болушуна эч бир өлкө каршы боло албайт», - дейт Скеффер.