Тибетте массалык камоолор жүрүп жатат

Бул тууралуу Индиядагы тибеттик укук коргоочулар билдирүүдө. Алардын маалыматына караганда, адамдар өкмөткө каршы өткөн демонстрациянын катышуучуларына өз эрки менен багынуусу үчүн кытай бийликтери тарабынан берилген мөөнөт аяктаган соң камалууда. Тибетке чет элдик журналисттер менен чет элдик туристтер киргизилбей жатат. Тибеттин губернаторунун ырастоосунда, бул жерде нааразылык акцияларын коштогон тополоңдон 16 адам каза тапкан. Ал эми Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү кеминде 80 адам мерт болгонун билдирүүдө. Тибеттиктердин Индияда жашаган рухий лидери Далай Лама бул аймакта соңку жыйырма–жылда бери орун алган эң ири толкундоолордун кандай жол менен басылгандыгы боюнча эл аралык иликтөө өткөрүүгө чакырды. Ал эми Далай Ламанын Орусиядагы өкүлү Ташинин билдиргенине караганда, нааразылык акциялар азыр Тибеттин борбору Лхасадан сырткаркы аймактарга да тарай баштаган.