2005-жылы ыңкылап болгон 24-мартка караган түнү белгисиз кишилер улуттук банктын Жалалабат облусундагы башкармалыгынан 22 миллион 740 миң сом акчаны уурдап кетишкен. Башкы прокуратура ал окуяга байланыштуу ошол жылы кылмыш ишин ачкан. Бирок акчанын айланасында кылмыш жасаган деп айып коюлган адамдын бүгүнкү күнгө чейин дайын-дареги белгисиз. Башка адамдардын пикиринде ыңнкылапта Бишкектеги талап-тоноолор менен Жалалабатта жоголгон акча бүгүнкү бийликтин абийиринде болуусу керек.
Окуя парламенттик шайлоодогу массалык бурмалоолор үчүн мурунку бийликке нааразы болгон эл 2005-жылдын 4-мартынан баштап Жалалабаттагы облбийликтин имаратын ээлеп алган күндөрдө болгон.
Сүрөттө: 2005-жылдын 6-мартында өкмөткө каршы нааразылык жыйынына чогулган жалалабаттыктардын бир тобу.
Белгисиз адамдар 2005-жылы 23-марттын түнү Улуттук банктын жергиликтүү башкармалыгына кирип, күзөтчүлөрдү жана банктын деректирин коркутушкан.
Алар банктын темир сейфтерин ширеткич менен кыркып ачып, 22 миллион 740 миң сомду алып кетишкен.
Башкы жана облпрокуратура жүргүзгөн тергөөгө ылайык алардын арасынан ыңкылапка катышкан Нурлан Нышанов аттуу адамга айып коюлуп, иш Жогорку сот тарабынан Өзгөн шаардык сотуна берилген.
Облпрокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Орозбек Бердибаев айыпталуучунун дайын-дареги белгисиз болгондуктан сот болбой, иш ушу тапка дейре токтоп тургандыгын билдирди:
- 2005-жылдын 2-сентябрь күнү Нышанов Нурлан Бекболотовичке керектүү айыптар угузулуп, 12-сентябрь 2005-жылы Жогорку сот тарабынан Өзгөн шаардык сотуна жөнөтүлгөн. Нышанов Нурлан белгисиз себептерден сот процессине келбегендигине байланыштуу анын үстүнөн баш коргоо чарасы камакка алуу жөнүндө тандалып, издөө жарыяланган.
Окуяга шектүү адам ушу кезге дейре табыла элек.
Бирок банк тонолгондон кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Нурлан Нышанов акча уурдалганына жана банк башчысы менен күзөтчүлөрдүн урулуп-сабалганына тиешеси жок экендигин айткан.
Дагы бир ыңкылапчы Гамал Сооронкуловдун ошондо банктагы акчалардын кайдадыр алып кетилмек болгонун билип калып, аны сактап калуу максатында бир кытай кабына шыкалган жана кагаз кутуга салынган акчаларды адегенде улуттук коопсуздук кызматына, кийин ички иштер башкармасына жеткирип өткөрүп бергенин айтканы бар.
Анын айтымында, айланада куралдуу кишилер жүргөндүктөн акчаны саноого мүмкүн болгон эмес.
Бийлик ал акчалардын табылышына кызыкдар эмес. Мындай пикирин Базаркоргон район тургуну Эргеш Садиров билдирди:
- Бийликте отургандардын буга кызыгуусу жок, муну колго алып аягына чейин чыгаралы деген адам жок. Бул элдин тапкан акчасы, элге кайтарылышы керек.
«Ата Мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин айтымында, үч жыл мурунку болгон мыйзамсыз окуяларга, Бишкектеги талап-тоноолор менен банктан жоголгон акчаларга бүгүнкү бийлик жоопкер.
Элдик байлыктын ысырап болушу ыңкылаптын аркасы менен келген бийликтин абийиринде болуусу керек дейт Асылбек Текебаев:
- Мыйзамсыз жол менен революцияга жамынып алып айрым адамдар сейфти кесип миллиондогон акчаларды алып кеткени туура эмес. Бүгүнкү бийлик жыйынтык чыгарыш керек эле, эмнегедир 3 жылга чейин эч кандай жыйынтык чыкпай, кылмышкерлер кармалбай жүргөнү бийликтин буга кызыкдар эмес экенин билдирет.
Мындай пикирге ыңкылапчылардын бири Кылычбек Маматаев макул эмес. Анын айтымында акчага тиешелүү кылмыш иши ыңкылапчыларды жаман атты кылуу максатында жасалган:
- Муну биздин революционерлерди каралоо деп эсептейм. Ошол маалда канчалаган финансылар (каражат) келип турган. Булардын максаты шайлоону узурпациялап, өзүнүн каалаган депутаттарын өткөрүү. Азыр Аскар Акаевдин политикасы (саясаты) күч алып турган маал. Биздин арабызда жетекчи болуп жүргөн балдарды каралап, жүктөп кеткен деген бул жалган нерсе. Ал Акаевдин шайлоого жумшаган акчалары, аны өзүлөрү алып чыгып кетишкен.
Жоголгон акчаны издөө жана кылмыш ишинин жүрүшү тууралуу дубандык расмий адамдар да маалыматсыз.
Маселен губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов да андан кабарсыз:
- Кимдер тарабынан кандай уурдалганын билген жокмун. Бирок ошол мезгилде тергөө жүрүп атат деп айтылган. Жыйынтыгы эмне болгонун да уккан жокмун.