Депутат Жусупжан Жээнбеков ыңкылап күнүн белгилөөнү колдоп, ыңкылаптын негизги жетишкендиги катары бийликтин карапайым эл менен эсептешип калганын белгиледи. Ал эми депутат Бакыт Бешимов алгач 24-марттагы окуяга идеологиялык баа берип, андан кийин майрам катары кабыл алууну сунуштады. Депутат Николай Байло 24-мартта элдик ыңкылап болгонун ага он миңдеген адамдар катышканы менен далилденип турганын билдирди. Ал төңкөрүш болду дегенге такыр каршы чыгып, чынында ыңкылап болгон, деген пикирин билдирди. Талкуу уланууда.(AiT)