Мындай токтомго өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн кол койду. Адилет министрлигине айрым жаза өтөөчү жайларды жоюуну ишке ашыруучу комиссия түзүү тапшырылды. Токтомго ылайык эң биринчи №7, №13 жана №28 жаза өтөөчү жайлар жоюлат. Адилет министрлиги бул жаза өтөөчү жайларда камалгандарды башка абактарга жайгаштырууну жана бошотулгандарды иш менен камсыз кылууну да көзөмөлгө алмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)