АКСЫ ОКУЯСЫ: УРМАНАЕВдин АЙЫБЫ КАНЧАЛЫК?

Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан Жалалабат облусунун мурдагы губернатору Султан Урманаевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/C71DB368-2A88-4298-AC4A-49449562E420.asp үстүнөн жүргөн сот иши кечээ кечинде аяктап, бул ишти караган Бишкек гарнизондук аскер соту аны үч жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу кескенин буга чейин кабарлаганбыз. Бир катар укук коргоочулар бул саясий чечим болуп калганын, Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси бар адамдар ээн-эркин жүрүшкөнүн айтышууда.
Сот өкүмүндө мурдагы губернатор Султан Урманаевдин айыбы ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов жана башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен аныкталганы, ал ошол учурда Аманбек Карыпкуловдун тыюу салганына шылтоолоп, аны күтүп жаткан аксылыктар менен жолугушууга атайылап барбай койгону жана анын айынан депутат Азимбек Бекназоровду камактан бошотуп алууну көздөгөн адамдар район борборун көздөй жөнөшүп, натыйжада милиция менен элдин ортосунда кагылышуу чыкканы айтылат.

Бирок аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков мындай өкүмдү адилетсиз деп эсептейт. Анын пикиринде бул жерде Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси бар адамдарга салыштармалуу Султан Урманаевдин күнөөсү жокко эсе:

- Жоопкерчилиги такыр жок болуп жүргөн К. Садиевге, Д. Кулуевге, ошол эле А. Акаевге, кала берсе К.Бакиевге салыштырмалуу Урманаевдин күнөөсү жокко эсе. Ал эми соттолгон Кудайбергенов менен Токобаевдин күнөөлөрүнө салыштырмалуу Урманаевдин күнөөсү жеңил. Соттун үчөөнө бирдей жаза берип койгону туура эмес.

Адвокат Сартбай Жайчыбеков ошондой эле бул сот ишин бийликтин акысылыктарды алаксытуу амалы катары баалап, 17-мартта Аксыда өтүшү күтүлүп жаткан элдик сотто Султан Урманаевге карата таптакыр башка чечим чыгышы мүмкүндүгүн белгилейт.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да Аксы окуясы боюнча иште алгач буйрук бергендерди жазалаш керек деген ойдо:

- Жоокерлердин бири жооп берип калганы өкүнүчтүү. Менимче, бул иште буйрук бергендер жооп бериш керек эле. Алар белгилүү, мурдагы президентти Кыргызстандан табышпаса анын айланасындагылар, ошол кезде Акүйдө отургандар азыр бул жакта эле жүрүшөт. Султан Урманаевге карата сот өкүмү менимче туура эмес болуп калды.

Турсунбай Бакир уулу ошондой эле Аксы окуясы боюнча иштин аягына чыгаарын ишенбестигин, анткени мурдагы президентти жанында жүргөн адамдар эми азыркы президенттин жандап калышканын кошумчалады.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылбай, облустук борбордо отургандар минтип жоопко тартылып жатышын туура көрбөйт:

- Облустук борбордо отургандар жоопко тартылып, куралдуу милицияны ээрчитип барып, элди аттыргандар четте калып жатат. Көп эле адамдар түздөн-түз болгону ошол күнкү видеотасмада да бар. Жоопкерчиликке бардыгы тегиз, өзүнүн кылган күнөөсүнө, жасаган ишине жараша тартылыш керек болчу.

Саясат таанучу Токтогул Какчекеев болсо мыйзам боюнча Султан Урманаевдин ошол кезде күч органдарынын оперативдик ишинине кийлигишкенге укугу жоктугун, бул иште биринчи кезекте ошол кездеги ички иштер министри жооп берүүгө тийиштигин белгилейт.

Кечээки сот өкүмүнөн соң Султан Урманаев да бул иште саясий өнүт басымдуулук кылганын, сот өкүмүнө макул эместигин жана ал боюнча жогорку баскычтагы сот органдарына арыз жолдоорун билдирген.