БОРБОР АЗИЯ: ЖАЗДА СЕЛ ЖҮРҮҮ ТОБОКЕЛЧИЛИГИ БЫЙЫЛ ЖОГОРУ

Борбор Азиянын калкы быйыл соңку ондогон жылдардан берки эң катуу ызгаарды баштан кечирди, кар адаттагыдан калың түштү. Эми жаздын келиши менен аймакта сел жүрүү тобокелчилиги жогору болуп турат. Муну эл аралык уюмдар да эскертүүдө.
Борбор Азиянын артта калган быйылкы аязда эң катуу кыйналган өлкөсү Тажикстан болду. Өлкөнүн Гидрометерология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Анвар Хомидов "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун тажик кызматындагы маегинде белгилегендей, адаттагыдан калың кардын тез эрүүсү суу ташкынга алып барары шексиз:

-2500 метрден ылдыйкы аймактардагы кардын калыңдыгы азыр
кадимкидегиден 20%га жакын жогору. Адатта бул аймактарда күн бат жылыйт. Кар эрий баштаса, дарыялардын деңгээли көтөрүлөт. Кокус апрелде күн тез жылып кетсе, албетте бул суу ташкынга алып барат.


Адистер менен айрым расмий өкүлдөр быйылкы жылдын кышы 1969-жылкы көрүнүштү эске салганын белгилешүүдө. Алсак, түркмөн президенти Гурбангулу Бердымухаммедов бул тууралуу өткөн айдын соңунда Аму дарыянын жээгиндеги азыркы Туркмөнабат же мурдагы Чарджоу шаарына барганда эскерип кетти:

-1969-жылы ушул жерде элем жана Чарджоу суу алдында кантип калганы эсимде. Андыктан абалды өз көзүм менен көрүү үчүн келдим.

Аму дарыяны быйылкы муздан тазалоо үчүн Түркмөнстан аскер күчтөрүн пайдаланып, бул үчүн жардыруу ыкмасын да колдонууда. Аму дарыянын оң өйүзүндөгү Өзбекстанда 1969-жылкы суу ташкындан кийин Хорезм чөлкөмүн кийинки ыктымал суу ташкындардан коргоо үчүн каналдар жана дамбалар курулган.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин Хорезм облустук бөлүмүнүн төмөнкү кызматкери "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун өзбек кызматына буларды маалымдады:

-Суу ташкын коркунучу бар. Азыр Аму дарыяда 30 сантиметрлик муз турат. Күндүн жылуусу менен ал эрийт. Хорезмде учурда бул багытта иш алпарылып, дамбалар бекемделүүдө. Акимдин буйуругу чыккан.

Ал эми Казакстандын Өзбекстанга чектеш түштүгү быйыл жаз келбей жатып эле суу ташкынга кабылды. Мындан эки апта мурда жүргөн селден расмий маалыматка караганда, Түштүк Казакстан облусунун үч районунда 12 миңдей тургун жапа чекти, 2500ден ашуун үйдү, 6 мектепти суу басып, 350дөй турак –жай бузулду.

Бул чөлкөмдөгү Шардара суу сактагычы өйдөн түшкөн суунун көптүгүнөн азыр эле ашып –таша баштаган кези. Казакстандын "Время" басылмасынын жазганына караганда, мындан улам бул жердеги суу ташкын көйгөйү 10-мартка барып эң кризистик чекке жетиши жана аймактан 200 миңдей адам убактысынча көчүрүлүшү мүмкүн.

Быйылкы жаздагы ыктымал селдерге Борбор Азияга коңшу Ооганстан да даярданып жатат. Өлкөнүн аймактык өнүгүү министринин орун басары Асиф Рахими "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматына буларды билдирди:

-Биз баштан кечирген быйылкы тажрыйба өкмөттө олуттуу талкууларды жаратты.. Министрликтердин, башка өкмөттүк уюмдардын мүмкүнчүлүгү өзгөчө кырдаалга каршы чара көрүүнүн олутту бөлүгү. Бирок суу ташкынды алдын алуу бир эле министрликтин жоопкерчилиги эмес. Биз баардык провинциялардан суу ташкынга кабылышы ыктымал кээ бир аймактарды аныктадык, даярдыктар жүрүүдө. Бирок биз андай жерлердин баарын тизмеге алалган жокпуз.

Борбор Азияда быйыл сел тобокелчилиги жогору экенин эл аралык уюмдар да эскертүүдө. Аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрүн буга эмитен тезирээк даярдык көрүүгө өткөн аптада тарткан билдирүүсүнө Улуттар уюмунун – Жаратылыш кырсыктарын азайтуу боюнча эл аралык стратегия деп аталган мекемеси да чакырды.