Орусияда бүгүн президенттик шайлоо өтүүдө

Алгачкы шайлоо чөлкөмдөрү Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 11де (1-мартта) Чукотка жана Камчаткада ачылды. Президенттик шайлоого 107 млн. добуш берүүчү катышары күтүлүүдө. Бул үчүн Орусияда 96 миң шайлоо участкалары иштеп баштады.

Президенттик орун үчүн төрт талапкер ат салышууда. Алар: өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Медведев, Коммунисттик партиянын жетекчиси Геннадий Зюганов, Либерал-демократиялык партиянын башчысы Владимир Жириновский жана Демократиялык партиянын лидери Андрей Богданов.