29-МАРТТА ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТКӨРҮЛӨӨРҮ БЕЛГИЛЕНДИ

29-мартта Бишкекте жалпы элдик курултай өткөрүлөөрү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин жыйынында айтылды. Ошондой эле 19-мартта болуучу Коомдук парламенттин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/4DF03953-5BDB-4FBF-90B8-15DB23D99334.asp экинчи отурумунун күн тартиби бекитилди. Айрым бийлик өкүлдөрү, саясатчылар Коомдук парламентти укуктук жактан мыйзамга туура келбестигин айтып, сын көз менен карашууда.
«Акыйкат үчүн» кыймылдын координациялык кеңеши кабыл алган чечимге ылайык Коомдук парламенттин экинчи отуруму 19-мартта өткөрүлө турган болду. Анын күн тартибинде жоболорго өзгөртүүлөр киргизилип, Коомдук парламенттин курамын 75 адамга жеткирүү, уюштуруучу орган катарында Коомдук парламенттин кеңешин түзүү каралган.

Экономиканы, социалдык маселени жана коопсуздук менен тышкы саясатты караган үч комиссиянын болуусу отурумда сунушталат. Ошондой эле Орусияда бейкүнөө ажал тапкан кыргыз атуулдарынын жана эмгек мигранттарынын тагдыры, кыргыз-казак чекарасы, электр тармагы талкууланмакчы.

Аталган кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, Коомдук парламентке кошулуучулардын саны күн санап өсүүдө:

-Коомдук парламентти колдоочулар көп болуп жатат. Чогуу иштешели, ушул коомдук парламентке кирели дешип Баткенден, Көлдөн, Оштон, Таластан, Жалалабаттан кайрылышууда. Ошон үчүн Коомдук парламенттин санын көбөйтөлү деп бүгүн чечтик.

Ал белгилегендей дүйшөмбүдөн баштап координациялык кеңеш Коомдук парламентке татыктуу талапкерлерди талкуулай башташат. Анда каралуучу маселелерден тышкары уюштуруу жагына да көңүл бурулат. Отурумда негизги каралуучу маселе азыркы бийликтин 24-марттан кийинки иш аракеттерине саясий баа берилиши күтүлүүдө, дейт Жекшенкулов:

-Мына 24-мартта жаңы бийлик келгенине үч жыл болот. Үч жылдан бери саясат, экономика, социалдык маселелер кандай чечилип жатат? Бул бийликтин келечеги кандай? Бир жыйынтык чыгабы же чыкпайбы? деген маселелер каралат.

Жекшенкулов ошондой эле “Акыйкат үчүн” кыймылынан башка саясий партиялар, коомдук уюмдар, жарандык коомдор менен бирдикте элдик курултай өткөрүүнү 29-мартка белгилешкенин айтты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров, адилет министри Марат Кайыпов мамлекетте бир гана элдик орган болорун, Коомдук парламент мыйзамсыз экендигин айтып чыгышкан.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев да Коомдук партияны түзүүчүлөрдүн оюна каршы эместигин, бирок анын укуктук жактарына көңүл буруш зарылдыгын белгиледи. Анын баамында парламенттин жаратылышы өкүлчүлүк орган болгондон кийин, ал орган элдин атынан гана келет. Өкүлчүлүк органга элден шайланбай эле коомдук уюмдан эки-үч кишисин жиберип койсо анда мындай кадам Конституциянын биринчи беренесин бузганга барабар болот, дейт Бөрүбашев.

Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов болсо көрүлүп жаткан иш чаралардын баары мыкты юристер менен кеңешилгенин, алдыдагы иштер мыйзамдын чегинде аткарыларын белгиледи.