17:07 ВИЧ-инфекциясын жуктургандарга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөө уланууда

Республикалык СПИД бирикмесинин директору Сагыналы Маматовдун маалыматына караганда Ош облусундагы ВИЧ-инфекциясын жугузган балдар менен байланышы барларды лабораториялык текшерүүдөн өткөргөндө февраль айында дагы бир балага ВИЧ-инфекциясы жукканы аныкталган. Маалыматка караганда өткөн жылдын 15-июнунан үстүбүздөгү жылдын 28-февралына чейин 6127 бала, алардын 268 атаэнеси, 63 донор, 6844 медициналык кызматкер текшерүүдөн өтүшкөн. Бүгүнкү күндө Ош облусунда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган 41 бала, 8 эне, 1 медициналык кызматкер бар. Саламаттык сактоо министринин орун басары, республиканын башкы санитардык дарыгери Сабыржан Абдыкаримов ВИЧ-инфекциясы табылган Чүй облусундагы бир жаштагы бала Оштон жуктуруп алышы мүмкүндүгүн маалымдап, кырдаал көзөмөлдө экендигин билдирди. Учурда ВИЧ-инфекциясын жуктургандар арасында эпидемиологиялык иликтөө уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борбору кабарлады. (AJ)