12:17 "Айдеркен" сымап комбинаты темир буюмдарын жана курулуш кыштарын чыгара баштайт

Бул тууралуу «Азаттык» үналгысына «Айдеркен сымап» Акционердик коомунун башкы директору Толубай Салиев 27-февралда билдирди. Учурда кошумча өндүрүштү баштоо үчүн Орусиядан жабдуулар алынып келинүүдө. Эгер сымап комбинаттын карамагындагы кошумча өндүрүш ишканасы иштей баштаса, анда ал күнүнө 40-50 тонна темир мык, тор жана 10 миң кыш чыгара алат. Кошумча өндүрүш ишканасынын ишке берилүүсү 2008-жылдын июль айына пландаштырылууда. (SA)