КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН АРЫЗ-МУҢУН МОСКВА УГАБЫ?

Жогорку Кеңеште бүгүн Орусияда мыкаачылык менен кыргыз жарандарынын өлтүрүлүп жатышына байланышкан маселе каралды. Талкуу учурунда жаңы жылдан бери эле Орусияда 8 кыргыз жараны өлтүрүлгөнү маалымдалып, кыргыз жарандарына кол салуулар күчөгөнүнө тынчсыздануулар айтылды. Жыйын соңунда Орусиянын Мамлекеттик Думасына жана Федералдык Кеңешине кайрылуу кабыл алынды. Анда кыргыз депутаттары Мамлекеттик Думанын депутаттарын кыргыз мигранттарынын коопсуздугун камсыз кылууга жетиштүү чараларды көрүүгө чакырышкан.
Кыргыз жарандары мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

Орусияда кыргыз жарандарынын өлтүрүлүшү боюнча парламентте Башкы прокуратура, Тышкы иштер министрилиги, Ички иштер министрилиги, Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилери маалымат беришти. Алгач башкы прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза ар бир окуя боюнча маалымат берип, орус тартип коргоо органдары кылмышкерлерди табуу жана жазага тартуу боюнча убадаларын бергенин билдирди. Миграция боюнча комитет башчысы Айгүл Рыскулова жаңы жылдан бери Москва жана Санкт-Петербург шаарларында 8 кыргыз жараны өлтүрүлгөнүн, алардын бешөө мыйзамдуу иштеп жүргөнүн, бирөөсү студент экенин, экөөсү легалсыз жүргөнүн маалымдады. Суроо жооп учурунда баш прокурордун орун басары Сумар Насиза Орусия менен Кыргызстандын укук коргоо органдары тең бул кылмыштар улутчулдүк өңүттө жасалганын четке какпастыгын билдирди.

- Бул кылмыштарга шектелип кармалгандар скинхеддер кыймылынын өкүлдөрү экен. Бирок тергөө аягына чыга электиктен кылмыштын себептери тууралуу мен ишенимдүү айта албайм. Айрымдары ээн баштыктан жасалышы да мүмкүн. Кандай болсо да бул өлтүрүүлөр жеткен мыкаачылык менен жасалган.

Райымкул Аттокуров элчиликке татыксызбы?

Талкуу учурунда кыргыз өкмөтүнүн, Москвадагы кыргыз элчилигинин дарегине катуу сын пикирлер да айтылды. Депутат Осмон Артыкбаев Орусия бийлиги дүйнөлүк держава болуу ниетин билдирип, адам укуктарын сактоого аракеттерин жарыялаганын, бирок иш жүзүндө андай болбой жатканын айтуу менен кыргыз эмгек мигранттарынын укугун коргоодо кыргыз өкмөтү да кылчактабай аракеттениш керектигин белгиледи.

Айрым депутаттар Райымкул Аттокуровдун Орусияга кантип элчи болуп калганына кызыгышып, аны чакыртып алууну да сунушташты. Депутат Жусуп Жээнбековдун суроосуна жооп берип жатып, ТИМдин статс-катчысы Таалайбек Кыдыров Райымкул Аттокуров мурда чын эле Орусия жараны болгонун, азыр Кыргызстандын жараны экенин, буга чейин Москвадагы элчиликте кеңешчи болуп иштегенин билдирди. Депутат Роза Отунбаева анын талапкерлиги парламент комитетинен өтүп кеткенине өкүндү:

- Канча адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатса биз бирөөдөн да сурай албайбыз.Коопсуздук кеңеши бул маселени эчак эле карашы керек эле. Кеминде эле элчини чакыртып алышыбыз керек. Андай деңгээлдеги элчинин кереги жок. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албайт.

Төрага Адахан Мадумаров да элчини тандоодо приоритеттер болушу керектигине токтолду:

- Элчини тандап жатканда бизде приоритеттер болуш керек да. Жок дегенде бирөөнүн кабинетине кирип чыга турган бир азамат болушу керек. Мыктынын мыктылары көчөдө калат да, анан эптеп бир айласын тапкандар барып атпайбы ошондой кызматка.

Андан соң Орусиядагы элчини чакыртып алуу сунушу добушка коюлуп, бирок жетиштүү добуш алган жок.

«Орусиянын Канттагы авиабазасын чыгаруу маселесин коюш керек»

Орусия мамлекеттик Думасына кайрылуу талкуу учурунда депутат Раиса Сидоренко такырбаштардын күч алуусуна орус бийлигин айыптап, кайрылуу Мамлекеттик Думага эле эмес ШКУ, Парламенттер аралык Ассамблея жана башка уюмдарга багытталыш керектигин айтты.

Айрым депутаттар кайрылуу өтө эле жумшак болуп калганын белгилешсе, депутат Мелис Мырзакматов Орусиянын авиа базасын Кант аба майданын чыгаруу маселеси коюулуш керектигин айтып чыкты:

- Кайрылуу абдан эле жумшак жазылып калган. Керек болсо Канттагы авиабазсын чыгарууга чейин барыш керек. Биз менен эсептешиш керек алар да. Мына Балтика боюндагы бизден кичинекей мамлекеттер менен Орусия кандай эсептешип жатат. Биз да ошого жеткиришибиз керек.

Ошол эле учурда айрым депутаттар кызуулук менен кыргыз-орус мамилесине доо кетирип албоону эскертишти. Кайрылууну катуулатуу сунуштары колдоо таппай, талкуу соңунда тиешелүү комитет сунуштаган долбоор негиз катаыр кабыл алынды. Ошентип Жогорку Кеңеш Орусиянын Мамлекеттик Думасына жана Федералдык Кеңешине кайрылуу кабыл алды. Анда кыргыз депутаттары Мамлекеттик Думанын депутаттарын кыргыз мигранттарынын коопсуздугун камсыз кылууга жетиштүү чараларды көрүүгө чакырышкан. Отурум жыйынтыкталып жатканда депутат Бейшенбек Абдыразаковдун сунушу менен депутаттар Орусияда мерт болгон кыргыз жарандарын бир мүнөткө ордуларынан туруп эскеришти.