ЖАЛАЛАБАТ: ГУБЕРНАТОР ОРУНБАСАРЫ ГУМЖАРДАМДЫ ЖОК КЫЛГАНБЫ?

  • Ырысбай Абдыраимов
21-февралда Жалалабат шаардык соту Ош облусунун губернаторунун мурдагы биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев менен облбийликтин каржы-чарба башчысы Сеиткасым Жээнбеков жана Ош шаарындагы балдар спорт мектебинин деректири Тимур Камчыбековго байланыштуу кылмыш ишин кароого киришти. Аларга кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кайрымдуулук жардамдарын мыйзамсыз таркаткан жана бийлик өкүлү милиция кызматкерине зомбулук көрсөткөн деген айып коюлууда. “Азаттык” үналгысына берген жообунда Камчыбеков кылмыш ишти азыркы бийликти орнотууга көмөктөш болгон ыңкылапчыларды элге жаман көрсөтүү үчүн жасалган иш деп баалады. Соттолуучулар кечээги олтурумда айыптарын моюнуна албай тургандыктарын билдиришти. Мамлекеттик айыптоочу кылмыш ишинде саясаттын өңүттөрү жок экендигин “Азаттыкка” айтты.
Мамлекеттик айыптоочу Талант Аккозуев сотто окуган баяндамага ылайык Кушбак Тезекбаев Oш облусунун губернаторунун биринчи орунбасары болуп туруп, Карасуу районундагы Карадөбө орто мектебине бөлүнгөн акчалай жардамды өзү ыйгарып алган.

Мектеп деректирине ал тууралуу билдирбей, текшерүү маалында акчаны кайтарган. Облустук метерология жана стандартташтыруу мекеме башчысын Кызылкыя шаарында кармалган спиртти “андай эмес экен” деп аныктама жазып берүүгө буйрук берген.

Облбийликтин чарба башчысы Сеиткасым Жээнбеков менен бирге кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кайрымдуулук жардамдарын мыйзамсыз таркатышып, документтерин жасашкан. Кушбак Тезекбаев Ош шаарындагы балдар спорт мектебинин деректири Тимур Камчыбеков экөө бийлик өкүлү болгон милициянын офицерин маскаралап, зомбулук көрсөткөн, делет расмий доодо.

Өзүнө коюлган айыптарды моюнуна албай тургандыгын айткан Кушбак Тезекбаев кылмыш иши атайын ойдон чыгарылды деген пикирин билдирди.

Сегиз ай мурда Бишкекке барып, өкмөттүк жыйналышка катышмак болгондо аэропортто туура эмес кармашкан. Ал кайрымдуулук жардамдын туура таркатылышын Сеиткасым Жээнбековдон талап кылып турган:

- Бири да туура эмес. Протокол жасай турган аппарат жетекчиси бар. Каттарды текшере турган бөлүмдөр бар. Ошолордун бардыгынын жүгүн мага жүктөп атышат. Мага чейин дагы бул гумжардамдын 60 пайызынан көбү жалаң өтүмдүү товарлар таркатылып кеткен. Мен Бишкекте командировкада жүргөнүм менен пайдаланып туруп, ага чейинки товарды карабай атат.

Кайрымдуулук жардамды мыйзамсыз иштетпегендигин каржы-чарба башчысы Сеиткасым Жээнбеков да “Азаттыкка” берген жообунда тастыктады:

- Гумжардамды эч ким алган эмес, бардыгы карапайым элге мыйзам чегинде таркатылган.

Аларга козголгон кылмыш иште саясий өңүттөр бар жана иш азыркы бийликти орнотууга көмөк кылган ыңкылапчыларды элге жаман көрсөтүү максатын көздөөдө. Мындай оюн айткан Тимур Камчыбековдун жообуна караганда алар милицияларды эмес, укук коргоо кызматкерлери ыңкылапчыларды коркуткан:

- Бул жерде саясий боек көбүрөөк. Элдин-журттун алдында бизди жерди каратыш керек, атайын уюштурулган иш. Бакыйган Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары жана мен буга чейин эч кандай соттолгон эмеспиз. Март ыңкылабынын коомдук бирикмесинин төрагасы болуп иштеп туруп, биз милициянын подполковнигин ит айтпаган сөздөрдү айтып сөгүп акарат кылган имишпиз. Андай болгон эмес.

Соттолуучуларга коюлган айып саясаттан алыспы?

Облус прокурорунун орунбасары Талант Аккозуевдин айтымында, соттолуучулар кызмат абалынан пайдаланып, табигый кырсыктар жабыр тарткандарга Орусиядан жиберилген кийим-буюмдарды документтерди жасоо менен мыйзамсыз таркатышкан.

Тимур Камчыбеков былтыр апрель митинги күндөрүндө милициянын подполковнигин “өлтүрөм” деп коркутуп-жулунган дейт Аккозуев:

- Каракулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болгон Турдукуловго карата хулигандык аракеттерди жасагандыгы үчүн айып коюлган. Бул кызмат адамы тарабынан жасалган кылмыш иш деп эсептелет. Россия мамлекетинен 2006-жылы гумжардамга келген кийим-кече, дары-дармектерди жапа таркан адамдарга таркатуунун ордуна башка адамдарга берип жиберген фактылар боюнча козголгон кылмыш иш болуп эсептелет.

Талаш-тартыштуу доолор боюнча сот жараяны улантылууда.