ЭНЕРГЕТИКА МЕНЧИКТЕШКЕНДЕ ГАНА ОҢОЛОБУ?

Энергетикалык компанияларды менчиктештирүү кыргыз өкмөтү быйыл чече турган башкы маселелердин бири болууда. Муну президент Курманбек Бакиев өкмөткө жана парламентке жыл башында табыштаган. Анын негизинде өкмөт жайга чейин менчиктештирүү жана концессияга берүү жараянын баштаганы турат. Бул кадам турмуш-тиричиликке баанын кескин өсүп кетишин, ага жараша социалдык чыңалууну жаратышы мүмкүн деп чочулагандар менчиктештирүүгө каршы болушууда.
Кыргыз өкмөтү жакынкы айларда энергетикалык бир нече ишкананы концессияга берүү, айрым бөлүгүн менчиктештирүү жагын караштырып жатат. Муну мамлекет энергетика коопсуздугун сактап калуунун, жабдыктарды жаңыртуунун жана кубаттуу инвестиция тартуунун жалгыз алгылыктуу жолу катары саноодо.

Менчиктештирүү зарыл деп саналган ишканалардын негизгилеринин бири «Түндүкэлектро» ишканасы болууда. Бул ишкана Кыргызстандын 60%ке жакынын электр кубаты менен жабдыйт. Ишкананы менчиктештирүүнүн тендер, конкурс же түз сатуу жолу пайдаланылабы - белгисиз. Менчиктештирүүнүн тартибин, баасын аныктоо багытында учурда Мамлекеттик мүлк комитети түзгөн атайын комиссия иштеп жатат.

Энергетика тармагын менчиктештирүүнү жактаган адистердин бири, өнөр жай, энергетика министри Сапарбек Балкибеков менчиктештирүүдөн чочулоого негиз жок дейт:

- Чочулоонун кажети жок. Эгер биз нормалдуу компания менен келишим түзүп, негизги маселелерди мойнуна жүктөп койсок, биринчиси, «Түндүкэлектронун» жабдууларынын баарын модернизациялоо, жаңы эсептегичтерди коюу, жаңы электр өткөргүчтөрдү куруу, жаңы подстанцияларды орнотуу алардын мойнунда болот.

Мындай көз карашты бөлүшкөн Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин төрагасы Юрий Данилов мамлекет башкы менчикти эч качан бирөөнүн колуна бербейт деген ишенимде:

- Иштелип чыккандын баары мамлекеттин менчиги бойдон калат. Бөлүштүрүү, сатуу гана менчик колго берилиши мүмкүн, концессияга берилиши мүмкүн.

Анткен менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райымбек Мамыровдун көз карашында «Түндүкэлектро» ишканасын ушул турушунда менчиктештирүү же концессияга берүү кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн:

- Бүгүн тандоо жок болуп атат. Келип эле бирөөнө «Северэлектрону» концессияга ал дей турган болсок, биринчи кезекте өзүнүн шартын коет. Эки карыздар боюнча биз эч нерсе кылбайбыз. Аны өзүңөр өндүргүлө дейт. Экинчиден, айтат, тарифти минтип өзгөртөм деп. Үчүнчүдөн, төлөмдөр боюнча шарт кое албай, биз жакка кыйын болот.

Ошондуктан Райымбек Мамыров Бишкек ТЭЦинен айырмаланып, «Түндүкэлектро» ишканасын бирөөнүн колуна иштетүүгө берердин алдында оңдоо керек эле:

- «Северэлектрону» оңдош керек. Мүмкүнчүлүк болгондо, өзүбүздө адистер толуп атат, жакшылап оңдоп, жок дегенде 40% деп саналып аткан жоготуулардын 10-15%ин эки жылда ордуна келтирсе болот. Мен баягы көп иштеген киши катары көзүм жетип эле турат. Аралашып эле жарымын өзү (мамлекет) кошулуп уурдап атат, жарымын колунан келген кишилер уурдап атышат. Төлөй албайт дегендер аз эле процент. Ошого жамынып алып эле баары кыйкырып атпайбы.

Райымбек Мамыровдун оюнда мындай аракет баанын кескин кымбаттап кетишинен сактайт эле.

Кыргызстанды жан сактаткан энергетика тармагын менчиктештирүүдөн баа кескин өсүп кетерин бөркүндөй көргөндөр аз эмес. Алардын бири, «Асаба» партиясынын башчысы, мурдагы депутат Азимбек Бекназаров мамлекеттик карамагында калган жалгыз тармактын менчикке берилишине караманча каршы болууда.

Менчиктештирүү баанын кескин өсүшүн шарттап, өлкөдө социалдык чыңалуу пайда болот деп кооптонот саясатчы. Мындай көз карашты бөлүшкөндөр калк арасында сейрек эмес. Ошол эле учурда бааны аныктоо өкмөттүн колунда калат деп эсептеген расмий бийлик энергетика тармагын сактап калуунун концессияга берүүдөн башка жолун айткан жери жок.