АТА БЕЙИТ: КҮРӨШ САБАКТАРЫ...

АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ ТООЛУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН УЮШТУРГАН 1938-жылдын 18-февралында Совет өкмөтүнүн курамындагы азыркы Кыргызстандын өзүнчө республика болушуна өзүнүн үлкөн салымын кошкон Абдыкерим Сыдыков, Сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, атылып кеткен. Анын 76 жаштагы уулу Эрк Сыдыков менен кабарчыбыз Илим Жанузаков маектешип, Абдыкерим Сыдыковдун куугунтукталышы жана репрессияга учурашынын себептерин сурады.
Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы октябрь айында жарык дүйнөгө келген. Анын балалык чагы Орус падышачылыгы Орто Азия чөлкөмүн каратып алып, өз саясатын жигердүү жүргүзгөн учурларга туш келип, кийинчерээк орус өкүмдарларына кызмат кылып, иши үчүн сыйлык алууга да үлгүргөн.


Абдыкерим Сыдыковдун уулу Эрк Сыдыковдун балалык чагы.

1917-жылдан кийин Совет өкмөтүнө кызмат кылып, дагы деле болсо кыйла жетишкендиктерге ээ болуп, чоң кызматтарда иштеген. Ошол кездерде кыргыз элинин кызыкчылыгы, өз алдынчалыгы үчүн тер төгүп, акыры улутчул деген айып тагылып, кыйла санаалаштары менен бирге репрессиянын курмандыгы болгон.


Абдыкерим Сыдыковдун улуу баласы Иса Сыдыков. 1941-жылы башталган Германия менен СССРдин ортосундагы согушка катышып, Германияга чейин барып келген. Эрдиги үчүн бир топ сыйлыктарды алып, Советтер союзунун баатыры наамына эки жолу көрсөтүлүп, "эл душманынын" уулу деген сыяктуу себептер менен ага жетпей калган.

Учурда анын уул-кыздарынын арасынан жалгыз Эрк Сыдыковдун көзү тирүү. Аны менен биз Абдыкерим Сыдыковдун ишмердүүлүгү тууралуу баарлаштык.


Эрк Сыдыков.

-Бир топ тарыхчылар Абдыкерим Сыдыков XX кылымдын башында Совет өкмөтү түптөлүп жаткан маалда кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушуна чоң салымын кошкон, ошондогу кыргыз интелигенциясынын көч башында турган улуу инсан катары баалашат. Мына бүгүн ошол кишинин репрессияланып кеткенине туура 70 жыл толуп отурат. Сиз өзүңүз дагы атаңыздын ишмердүүлүгүн баштан-аяк иликтеп чыгыптырсыз. Аны эмне себептен Совет өкмөтү куугунтукка ала баштаган?

-Атам 1889-жылы Пишпектин Башкарасуу деген айылында туулган. Верныйда “Эркектердин гимназиясы” деген бар эле ошондо, азыркы Алматада.

Гимназияны бүтүп, андан кийин Казан шаарында мал догдурдун окуусун окуган. Ал жакта ооруп калып кайра келет дагы, 1912-жылы орус тилин мыкты билгендиктен Пишпекте тилмеч болуп калган. Генерал-губернатор Колпаковский деген падышанын чоң кызматкеринин карамагында тилмеч болуп жүрөт. Ошондо “Романовдордун династиясына 300 жыл” деген медаль чыкчу экен. Жакшы иштеп калгандыктан медалын алат, анан дагы бир орденге көрсөтүлүп, 1917-жыл келип калып анысын албай калат.

Андан соң эсерлердин партиясына кирип, ал жоюлуп кетип большевиктердин партиясына кирип, саясий чоң жолу ошентип башталган. Ошондо Орто Азияда бир эле республика болгон, Түркестан республикасы деген. Анын борбору Ташкент болчу.

Анан атам чоңоюп атып Верныйга Мусулмандар бюросунун төрагасы, андан кийин облисполкомдун төрагасынын орун басары болгон. 1921-жылдан тарта Жетисуу облисполкомдун төрагасы кызматына отурган. Ошол Жетисуунун жери Арал деңизинен Ысыккөлгө чейин жетчү. Андыктан улутуна келгенде өзүнөн-өзү күйүп, 1918-жылы Грузиянын өз алдынча болобуз деп чуу чыгарышканын, кайрадан 1922-жылы маселе көтөрүп атып республика болушканын көрүп, кыргыздарды да бөлүп алууну көздөгөн.



Аларды көрүп Пишпекте 1922-жылы июнда курултай өткөрүп, уюуштуруу комитетинин төрагасы катары бардыгын иштеп чыгып, 450 делегаттын чечими менен токтом чыгарып, кыргыздарды өз алдынча бөлүп алган.

Анан бийлик деген кыйын тура, делегаттардын арасында чатак чыгып, улуту казактар каршы болуп, Кудайкулов деген казак улутундагы адам Москвадагы Рыскулов деген улуттар аралык маселе боюнча чоң кызматтагы казакка даттанып, тоолу облус кереги жок деп чыгат. Ошондо Рыскулов өзү казак болгондуктанбы, телеграмма даярдап туруп Сталинге кол койдуруп алыптур, “Курултай өткөрүүгө ким уруксат берди? Күнөөлүүлөр жазалансын, анын чечими жокко чыгарылсын” деп.

-Кийинчерээк баарыбир Совет өкмөтү Орто Азиядагы саясатын өзгөртүүгө мажбур болуп, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстанды республика кылбадыбы. Ошого карабай тарыхта “отуздук” деген топ белгилүү. Анын демилгечилеринин бири Абдыкерим Сыдыков болгон делет. 1925-жылы ошол топ эмнеге каршы болушкан?

- 1925-жылы жайында кыргыздын ошондогу кызматта отурган адамдары өзүнчө уюшуп калышты. Ал “отуздук” деп аталып калды. Ага кирген облисполкомдун мүчөлөрүнүн бардыгы курамы менен өз талаптарын коюшкан.



Атам Сталинге кат жазган экен, “облисполкомдун биринчи катчысы Каменский туура саясат жүргүзбөй жатат, ашкере киришип атат, кыргыздарды бири-бирине кагыштырып атат, өзүм билемдик кылып аткандыктан мындай бийлик болбойт. Мунусун токтотсун же болбосо биз толук курамыбыз менен отставкага кетебиз, портфелдерди үстөлгө үйүп беребиз”, - деген маанайдагы талапты катуу койгон кат экен. Ошондо андан бетер куугунтук башталып, “отуздуктун” эң негизги мүчөсү Абдыкерим Сыдыков менен Ишеналы Арабаевди камашат.

“Абдыкерим Сыдыковдун Пишпекте калуусу мүмкүн эмес” дешип, айдоо башталат да Ташкентке жиберишет. Ошентип Ташкентте жүрүп 1932-жылы май айында бул жакка келди, ал жакта жети жыл жүрдү. Мен март айында Ташкентте туулдум. Атам сүйүнгөнүнөн менин атымды Эрк коюптур. Анысы Эркин Кыргызстан дегенди билдирет экен.


Абдыкерим Сыдыковдун жубайы Зейнеп Чукина-Сыдыкова.

1933-жылы куугун кайра башталып, апамдын айтуусу боюнча 9-майда кара машине менен алып кетишкен экен. Аскер прокуратурасы Ташкентке кайра алып кетип, соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен бирге 10 жыл берген. Андан Читадагы ГУЛАГ дегенге алып кетишип, кайра Комиге алып барып, 1938-жылы кайра бул жакка алып келишет эринбей, кыйнап. Бул жакка алып келген соң, 18-февралда түнкү саат экиде НКВДнын чечими боюнча атып ташташты. Менде бул документтердин архиви толугу менен бар.

-Репрессияланган адамдын уулу болгонуңуз сизге өз таасирин тийгизген жокпу?

- Атам 1958-жылы акталган. Ошентсе да көп маани бирбей, кайра эле эл душманы, төрт жолу партиядан чыккан деп, аны күнөөкөр көрсөтүп келишти. Мени дагы мектепте окуганда комсомолго араңдан зорго алып, араң институтка кабыл алып, бир топ сүйрөлдүм.

Ошентип атып институтту бүткөндөн кийин партияга албай коюшту. Саясий жактан жетиле элексиң дешип. Ошондо Байланыш институтун биринчи жолу кыргыздардын арасынан мен бүткөм. Кыргыздардын арасынан биринчи байланыш инженери болгонума карабай коюшкан. Экинчи жолу Хрущевдун мезгилинде иштеринин бардыгын аскердик прокуратура текшерип, кайра чечим чыгарганда атам толук түрдө акталып, андан кийин гана партияга өттүм.

Андан кийин Ленинградга аспирантурага кирип, техникалык илимдердин кандидаты болуп Кыргызстанга келдим. Көп жакшы жумуштар, мынабу радиолук байланыш, теле берүү, радио берүү дегендердин бардыгы мен Капиталдык курулуш министринин орун басары болуп турганда кол алдымдан өттү.

Эми ошондо деле көрө албагандар чыкты. Мурдагы аксакалдардын бирөө жазды жогору жакка, “төрт жолу партиядан чыгарылган кишинин баласы министрдин орун басары болуп иштеп атат, бул кандай” дешти. Айтор ошондой жаман адамдар боло берет экен. Жыйырманчы жылдары деле атамдын үстүнөн ушундай арыздар түшүп аткан. Көрдүңүзбү. Ошентип кыргызга күйүп кызмат кылган, кыргыздын чоң инсандары Ишеналы Арабаев менен Абдыкерим Сыдыковдун балдарынын арасынан бүгүнкү күнү жалгыз мен калдым.

- Анда маегиңизге чоң рахмат.