Канаттуулар тумоосун алдын-алуу чаралар боюнча райондор аралык өткөрүлгөн жыйында пикир келишпөөчүлүктөр пайда болду. Жогорку патагендүү канаттуу тумоосуна каршы чараларды көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планынын катчылыгынын адистери тарабынан өткөрүлгөн жыйынга Атбашы районунун бир дагы айыл өкмөт башчысы келген жок. Өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын биологиялык кыртыштар институтунун илимий кызматкери Тынчтык Токмергенов Соңкөлдө жергиликтүү балдар жапайы куштардын жумурткаларын флягаларга салып терген учурлар бар деген маалымат билдирди. Мындай пикирди облустук акимчиликтин жетектөөчү адиси Эсен Абышев четке какты. Анын баамында жапайы куштардын жумурткасын алуу 50-жылдарда болгон. Айрым айыл өкмөт башчылар куш тумоосуна каршы учурдагы чараларга каанаттанган жок. Алардын баамында, эки айылда бирден гана ветеринардык адис бар, мындай шартта алар мал эмес канаттууларды караганга чама чаркы жетпейт. (KUs)