Ирандын бийликтеринин аялдардын таасирдүү “Занан” журналын жабуу чечими жергиликтүү коомчулук арасында жана Батышта катуу сынга кабылды. Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар» уюму Тегерандын бул чечимин “өлкөдөгү ырасмий багытка жагалданып кошулбаган маалымат каражатына каршы чабуул” деп атады.
Ирандык аялдардардын айына бир жолу чыгуучу “Занан” журналы өлкөдөгү жашоо-турмушту күңүрт боектор менен сүрөттөп, коомдун аң-сезимине залака келтирген үчүн жараксыз деп табылды. Журналдын лицензиясы Ирандын маалымат каражаттарын башкаруу жана көзөмөлдөө комиссиясы тарабынан 29-январда тартылып алынды, комиссиянын бүтүмүндө аялдар журналы өлкөнү жагымсыз маанайда сүрөттөп, окурмандарынын башын айландырып келгени айтылган.
Перс тилинде “аял” деген сөздү түшүндүргөн “Занан” журналы – 16 жыл илгери Тегерандык журналист жана редактор Шахла Шеркаттин демилгеси менен чыга баштаган. Аялдар арасында бат эле окумдуу басылмага айланган журнал саясий темаларга жолобой, жалаң өз окурмандарын, кыз-келиндерди кызыктырган маселелерге адистешип келген.
Ошондон уламбы, айтор, Иранда башка басма сөз каражаттары биринин артынан бири бийликтегилердин куугунтугуна кабылып жаткан чакта “Занан” 16 жыл жашоо сүрүп келди. Эми минтип, акыры кезеги жетип, исламчыл өкмөттүн каарына кабылды.
Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун Иран боюнча эксперти Реза Мойни аялдар журналы жөн гана коомдо болуп жаткан көрүнүш-окуяларды баяндаганы үчүн өкмөт басылманы коркунучтуу деп тапканына нааразы.
- Акыркы 2 жыл ичинде Ирандын бийликтеринин маалымат каражаттарына каршы 50дөн ашуун чабуулуна күбө болдук – алардын баары улуттук коопсуздукка байланыштуу айыпталды.
Мойни айткандай эле, Иранда журналисттерге, маалымат каражаттарына каршы иштер күн алыс болуп турчу көрүнүшкө айланды. “Занан” жабылгандан бир нече күн өтпөй журналист айым Жила Бани Якуб соттолду. Күндө чыгуучу “Сармаех” гезитинин кабарчысы былтыр мартта аялдар демонстрациясын чагылдырып жүрүп, камакка алынып, 3 күн абакта отуруп чыккан. Ага да улуттук коопсуздукка чагым салган деген айып тагылды.
Иранга ушундай эле олуттуу коркунуч келтирген деп күнөөлөнүп, өткөн ноябрь айында Интернет кабарчылары Мариям Хусейнхах жана Желвех Жавахери түрмөгө отургузулган. Бул экөөнү бир нече жумадан кийин туугандары күрөөпул төлөп отуруп бошотуп алышты. Ирандык журналисттер ассоциациясынын катчысы Бадрулсадат Мофиди өлкөдө журналисттердин укугун коргоп, арыз-муңун уга турган уюм калбаганын айтат:
- Соңку эки ай ичинде бир нече маалымат каражаттары жабылды. Жаңыдан түптөлгөн “Ария” гезити алгачкы саны даярдалып жатканда токтотулду.
Азырынча “Занан” аялдар журналынын редакциясы өкмөттүк комиссиянын чечимин сотко берүүнү ойлонуштуруп жатканын билдирди. Бирок Ирандык журналисттер бул өтө машакаттуу, узак, кымбат жана пайдасыз аракет экенин белгилешет.